Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери жанданды

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери жанданды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар бүгүнтөн тарта Байтик Баатыр көчөсүндө жүргүзүлүп жатат.   Андан кийин  Киев, Садырбаев, Панфилов жана Абай көчөлөрүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү кайра калыбына келтирилет.   Ошондой эле ирригациялык тармак жаңыртылып, лотоктор алмаштырылат

Бишкекте жер мунапысы боюнча 6 миңден ашык арыз каралды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 6 миңден ашык арыз каралды. Мэрия маалыматына ылайык,  200 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 5 миңден ашыгы кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү. Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары күчүнө кирди

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары күчүнө кирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми мас абалында унаа айдагандар 1 жылга айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат.   Эгер ал наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса, 3 суткага, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок эреже бузган адам… Кененирээк…

Илон Маск Техаста өзүнүн жеке шаарын куруу ниетинде

Илон Маск Техаста өзүнүн жеке шаарын куруу ниетинде. Калк жашаган түйүн Колорадо дарыясынын жээгинде жайгашат. Масктын ою боюнча, шаарда анын компаниясында иштеген жарандар жашай алат.   Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, тилкеде бир катар модулдук үйлөр, спорт аймак, бассейн жана машыгуу залы үчүн имараттар пайда болду.

Кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат

Кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат.   Эмгек министрлигинен эске салышкандай, жарандар 18-марттан 21ине чейин эс алат. 18-март менен 19-март ишемби, жекшембиге туура келет, ал эми Нооруз быйыл шейшембиге туш болгондуктан, 20-март, дүйшөмбүнү дагы эс алуу күнү деп жарыялоо чечими кабыл алынган.   Бирок анын… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөбү азырынча белгисиз

Кыргызстанда кайрадан жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөбү азырынча белгисиз.   Бизге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей,  быйылкы күзгү сынакка болгону 1 миң 260 адам катталды, бул чоң кампания  үчүн аз. Анткени, борбор кадимкидей… Кененирээк…

Бишкек базарларында азык-түлүктүн айрым түрүнө баалардын төмөндөшү байкалууда

Бишкек базарларында азык-түлүктүн айрым түрүнө баалардын төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.   Алсак, январь айында суу майдын бир литри 125 сомдон 176 сомго чейин жетсе, эми баалар 110-175 сомдун тегерегинде болууда. Кумшекердин килограммы январда 92 сом болсо, мартта –… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна талапкерлерди жылдыруу жыйынтыкталды

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна талапкерлерди жылдыруу жыйынтыкталды. Боршайкомдон билдиришкендей, 400дөн ашык талапкер катталды. Жалпысынан   14 айылдык кеңеште 254 депутат шайланат.   Анын ичинен 97 мандат аялдар үчүн бөлүндү. 20-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин документтерин текшерип чыгышы керек.   Ошол эле күнү үгүт иштери башталып,   8-апрелге… Кененирээк…

Бишкек–Кашкар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады

Бишкек–Кашкар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасынан билдиришти. Кытайдын Синьцзян-уйгур автономиялуу районунун Кашкар аймагына каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Автобустар түшкү саат 4тө Бишкектеги Батыш автобекетинен жолго чыгат. Билеттин баасы 85 доллар же… Кененирээк…

Кыргызстанда мектеп окуучулары бир жумага каникулга тарайт

Кыргызстанда мектеп окуучулары бир жумага каникулга тарайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жазгы каникул быйыл 20-марттан 26-мартка чейин болот. Мындай чечим 18-21-март күндөрү өкмөттүн токтому менен дем алыш деп жарыяланганына байланыштуу кабыл алынды. Быйыл январдын ортосунда өлкөдө аба кескин сууктагандыктан кышкы каникул үч күнгө… Кененирээк…