Бишкекте жылуулук сезону аяктады

Бишкекте жылуулук сезону аяктады. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, синоптиктердин маалыматына караганда алдыңкы күндөрдө ордо калаада абанын жылуу температурасы сакталат, суук болбойт.   Андыктан, жылуулук берүүнү токтотуу чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсек, эреже боюнча Бишкекте аба табы 5 күн катары менен 8 градустан жогору болуп кармалса,… Кененирээк…

Бишкекте 51 млн. долларга 20 миң киши баткан мечит курулууда

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң киши баткан заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Анда айтылгандай, президент Садыр Жапаров анын курулушуна капсула салды. Эки кабаттуу мечитте намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексине административдик имарат… Кененирээк…

Бишкек – Жалал-Абад аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү

Бишкек – Жалал-Абад аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, 8-марттан тарта ордо калаадан Жалал-Абад шаарына кошумча каттамдар ачылды.   Эми самолеттор аталган багыт менен жумасына 7 жолу учат. Эске салсак, буга чейин аталган каттам жумасына 4 жолу дүйшөмбү, бейшемби, жума жана… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын Ош аймактык бөлүмү дем алышсыз иштейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын Ош аймактык бөлүмү дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, мындай тартип 12-марттан тартып киргизилет.   Мекеме кардарларды күн сайын эртең мененки саат 8 жарымдан, 5 жарымга чейин кабыл алат. Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан тартып “Унаа”… Кененирээк…

“Нарын” ресторанынын ордуна бизнес борбор курулат

Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталды. Ага президент Садыр Жапаров капсула салганын өлкө башчынын басма сөз кызматы 10-мартта кабарлады.   Маалыматка ылайык, комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444… Кененирээк…

Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн. 559 400 сом, 18 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги сайтына жарыялады.   Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар,… Кененирээк…