«Жалалабатгаз» карызын төлөбөгөн абоненттерге газ берүүнү токтотот
«Жалалабатгаз» ишканасы карызын төлөбөгөн абоненттерге газ берүү токтотуларын эскертет. Жергиликтүу мэриядан билдиришкендей, жарандар газга болгон карыздарын 15-марттан 28-мартка чейин төлөөсү зарыл. «Жогоруда белгиленген убакыт аралыгында карызын төлөбөгөн абоненттерге газ берүү токтотулат», — деп айтылат маалыматта.