Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти. Алсак, 16-марттан 20-мартка чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн бир топ суук болуп, жаан, кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо үшүк жүрүшү мүмкүн эмес. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү болуп муз тоңушу күтүлөт. Бүгүн жана эртең батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына… Кененирээк…

Японияда парламент депутаты жумушка келбегендиктен мандатынан ажыратылды

Японияда парламент депутаты жумушка келбегендиктен мандатынан ажыратылды. Йошикадзу Хигашитанини ишке эч качан келбегени үчүн кесиптештери Сенаттан чыгарышты. Ал жети ай мурун бул кызматка шайлангандан бери парламенттин бир дагы жыйынына катышкан эмес. Депутаттык мандатынан ажыратуу Японияда сенатор тарта турган эң оор жаза болуп саналат. Мындай прецеденттер… Кененирээк…

Бишкектеги үйүлгөн таштандылар 24 сааттын ичинде чыгарылат

Бишкектеги үйүлгөн таштандылар 24 сааттын ичинде чыгарылат. Буга “Тазалык” ишканасынын директору Рамиз Алиев ишендирүүдө. Анын убадасы жазылган видеону социалдык тармакка мэриянын басма сөз кызматы жарыялады. Алиев ордо калаада таштандылар толуп жатканын моюнга алып, анын көлөмү массалык ишембиликтен кийин кескин көбөйгөнүн айтууда. Белгиленгендей, жарандар жалбырактарды жана… Кененирээк…

Пенсияга чыгуу үчүн паспорт гана талап кылынат

Жаңы пенсиялык реформада пенсияга чыгуу үчүн паспорт гана талап кылынат деген норма камтылган. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди. Ал эске салгандай, 1996-жылдан бери бөлүм ар бир жарандын жекелештирилген эсебин жүргүзөт, ошондуктан эч кандай маалымкат чогултуунун кереги жок. Жаңычылдыкты келерки жылы ишке киргизүү… Кененирээк…

Динара Кутманова кызматтан бошотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.  

Каржы пирамидасын жарнамалаган белгилүүлөр эркинен ажыратылышы мүмкүн

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган белгилүү адамдар эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Белгиленгендей, өлкөдө белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар арбын. Аларга ишенип акчасын алдатып, сызга отуруп калган жарандар да көп.… Кененирээк…

Түркияга жардам эсебине 104 миллион сомдон ашык каражат чогулду

Түркияга жардам эсебине 104 миллион сомдон ашык каражат чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Өкмөттүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47си ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги… Кененирээк…

ӨКМ: кар көчкү түшүү коркунучу күчүндө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 15нен 19-мартка чейинки аралыкта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча жалпы ишембилик өтөт

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында 18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кабарлады. Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат. Кыргызстанда жаз алды менен ишембилик… Кененирээк…