Гапыр Мадаминов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын… Кененирээк…

Ошто санитардык талаптарды сактабаган эки кафе жабылды

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматы Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Семейный” жана “Береке” деп аталган эки коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мекеменин маалыматына караганда, талаптарды бузгандыгы үчүн аталган кафелердин ар бирине 18 миң сомдон айып салынган. Бул кафелер аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин жабылат. Учурда аларда оңдоо… Кененирээк…

Баткенде дагы 86 үйдүн курулушу ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт

Баткенде дагы 86 үйдүн курулушу ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Белгиленгендей, жалпысынан 418 үй толугу менен талкаланган. Учурга карата 332 турак-жайдын курулушу бүткөрүлүп, калганы марттын аягына чейин тургундарга өткөрүлүп берилери айтылды. Мындан тышкары, оңдоп-түзөөгө муктаж үй ээлеринин ар бирине 100… Кененирээк…

Аялдар эркектерге караганда үй жумуштарына 5 эсе көп убакыт коротот

Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик беш эсе көп убакыт коротушат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, үй кожойкесинин милдети шаарда жашагандарга караганда айылда иштеген аялдар үчүн дээрлик бир жарым эсе көп убакытты “жейт”. Ошол эле учурда айылдардагы эмгекке… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолу маал-маалы менен жабылат

Бишкек-Ош жолу маал-маалы менен жабылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштери менен байланыштуу. Маалыматка ылайык, жумуштар 21-мартка чейин уланат. Кар көчкү Төө-Ашууда, Ала-Белде жана Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында мажбурлап түшүрүлөт.

Кыргызстанда жумушчулар жетишсиз болууда

Кыргызстанда жумушчулар жетишсиз болууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев журналисттер менен жолукканда билдирди. Өлкөдө жумуш орундары жетиштүү, тескерисинче жумушчулар жетпей жатат. Айрыкча тигүү цехтери жумушчуларга муктаж, — деди чиновник. Мындай таңкыстык Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө жогору. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда былтыр… Кененирээк…

Бишкекте сууда сүзүү боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте жаштар жана өспүрүмдөр арасында сууда сүзүү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарыш 18-19-март күндөрү ордо калаадагы бассейндердин биринде уюштурулат.

Душанбеде топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 10-мартта башталган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар чек аранын калган бөлүктөрүн тактоо боюнча иштерин улантып жатканы белгилүү болду. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Бийлик көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жатат

Бийлик көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Документке ылайык, курулуш компаниялары баштаган үйдү толук куруп бүтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле курулуш толук аяктамайынча батирлерди сатууга тыюу салынат. Эске… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт. “Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн… Кененирээк…