Кувейт Кыргызстанга медициналык жабдыктар түрүндө жардам көрсөттү

Кувейт Кыргызстанга медициналык жабдыктар түрүндө жардам көрсөттү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабдуулар кайрымдуулук уюм тарабынан кайтарымсыз негизде берилди. Гуманитардык жүктүн көлөмү 16 тоннаны түзөт.

Шаар бийлиги жарандарды жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

Шаар бийлиги жарандарды жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат. Мэриядан билдиришкендей, ар бир жеке үйдүн ээсине маалымат жеткирүү үчүн аткаминерлер кварталдар менен тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.

Кыргызстандыктардын Сербияда гранттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстандык студенттердин Сербияда гранттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Сербиядагы тынчтык программасынын алкагында кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык орунга квота берилди. Абитуриенттерге бекер окуу, тамак-аш, жатакана жана стипендия берилет.

Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгарган завод ачуу пландалдууда

Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгарган завод ачуу пландалдууда. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ишкана үчүн италиялык жабдуулар буга чейин жеткирилген. Жакын арада адистер жабдууларды орнотууга киришет. Заводдун продукциясы социалдык жана өндүрүштүк объектилердин курулушуна жумшалаары, бул Кыргызстандагы цемент заводдорунун толук жүктөөсүн жана жалпы… Кененирээк…

Кыргызстанда күрүчтүн бардык түрлөрүнүн баасы көтөрүлүүдө

Кыргызстанда күрүчтүн бардык түрлөрүнүн баасы көтөрүлүүдө. Жыл башынан бери товар дээрлик үч эсе кымбаттады. Дүң сатуучулар Казакстандан товар жөнөтүү азайганын айтышууда, — деп жазды Мир 24. Коңшу өлкөдөн импорт чындап эле аз болгонун Айыл чарба министрлиги да тастыктады. Маалыматка ылайык, көлөм болжол менен 10 пайызга… Кененирээк…

Кыргызстанда эгиз балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө

Кыргызстанда эгиз балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө. “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдиргендей, былтыр 1 миң 380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү. 2021-жылы 1 миң 452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1 миң 552 эгиз, 18 үч эм… Кененирээк…

Жарандар өз мүлкүнө маалыматтык эсеп бериши керек

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертет. 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш. Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырууга болот: Salyk.kg… Кененирээк…

Бишкекте жер мунапысы боюнча 486 адамдын документинде оң чечим кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 486 адамдын документинде оң чечим кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекемеден такташкандай, алар мунапыс боюнча иштеп жаткан комиссияга бардык тийиштүү документтерин көрсөтө алышты. Ага ылайык, Ленин районунда 220, Свердлов районунда 134, Октябрь районунда 76 жана Биринчи Май… Кененирээк…

Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдагы коогалаңда каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Нематулла Аажы Жээнбеков жана каза болгондордун жакындары, айылдаштары катышты. Иш чарада… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш 18-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: 55, 60, 66, 74, 84, 96, +96 кг.