Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомство маалыматына ылайык, бул Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган чара.   ИИМдин ички курамы 20-мартта жана 21-мартта толугу менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге, коомдук жайларга жана стратегиялык маанилүү… Кененирээк…

Жайыл районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Жайыл районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, азык-түлүктөрдү эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова жана “Hasene” жардам фонду Нооруз жана Орозо майрамдарынын алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырышты.   Маалымат… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Бүгүн жана эртең Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн жана таңга маал үшүк жүрүшү күтүлөт.   Температура -2 градуска чейин төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарттары жазгы талаа иштерине, учурда гүл ачкан мөмө бактарына зыян келтирип, үшүк алып кетиши мүмкүн.

Ошто “Балажан” бакчасынын кошумча корпусу ачылды

Ошто “Балажан” бакчасынын кошумча корпусу ачылды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Курманжан — Датка” аймагында жайгашкан.   Курулуш иштерине каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Муниципалитеттен белгилешкендей, жакынкы арада Оштун башка кичи райондорунда дагы бала бакчалар пайда болот.

Баткенден чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылына акысыз кичи автобустар жүрүп баштады

Баткенден чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылына акысыз кичи автобустар жүрүп баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Транспорт Баткенден Ак-Сайга эртең мененки саат 8.40та чыкса, кайра Баткенге кечки саат 5те кетет. Каттамдын узундугу 40 чакырымды түзөт. Жергиликтүү администрациядан белгилешкендей, бул каттам… Кененирээк…

Аткаруучу компания Ысык-Көл аэропортундагы тосмону кайра калыбына келтирет

Аткаруучу компания Ысык-Көл аэропортундагы тосмону кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.   Анын айтымында, “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жеке уюштуруучу компания менен тосмону куруу боюнча келишим түзгөн. 18-мартта катуу шамалдан улам курулушу аягына чыга элек дубалдын бир бөлүгү… Кененирээк…

Бүгүн жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого үгүт жүргүзүү иштери башталат

Бүгүн жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого үгүт жүргүзүү иштери башталат.   БШКдан билдиришкендей, агитация 8-апрелде таңкы саат 8де токтотулат. Жалпысынан шайлоого 470 талапкер катталды.   Алар 14 айылдык кеңештеги  254 мандатка ат салышат. Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында 9-апрелде өтөт.… Кененирээк…

Бишкекте таэквондо боюнча 1500 спортчу катышкан дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте биринчи жолу таэквондо (GTF версиясы) боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдалгандай, турнир 24-июлда башталып 31-июлга чейин уланат. Чемпиондукка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн командалар катышат. «Жылдын ири турнири деп саналган бул чемпиондукка 1500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спорттук иш-чара Дене тарбия… Кененирээк…

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында дары чыгарган завод ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-мартта “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда күн энергиясы жаатында инновациялык долбоорлор менен иштеген “New-Tek LLC” кыргыз-герман компаниясында болду. Ошондой эле, Жапаров фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты.   “Завод ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр,… Кененирээк…