WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Кеп маанилүү билдирүүлөрдү жогору жакта бекитип коюуга мүмкүнчүлүк берген жаңычылдык тууралуу болуп жатат.   Билдирүүнү же медиа файлды бекиткенден кийин ал дайыма чаттын жогору жагында көрүнүп турат. Учурда жаңы функция тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат. Андан кийин жалпы колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Кыргызстандын бир катар тоолуу каттамдарында туристтер үчүн атайын белгилер орнотулду

Кыргызстандын бир катар тоолуу каттамдарында туристтер үчүн атайын белгилер орнотулду.   Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалыматына ылайык, көрсөтүүчү белгилер камтыган такталар Жомок, Аксай, Конорчок каньондорунда жана Барскоон шаркыратмасына, Комсомолец чокусуна барчу жолдордо пайда болду.   Аларда ошондой эле табиятка аяр мамиле жасоо чакырыгы, Өзгөчө кырдаалдар… Кененирээк…

Бишкектеги Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы корпус курулуп жатат

Бишкектеги Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы корпус курулуп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, имаратта 212 орун түзүлүп, 8 операциялык блок жана башка бир нече бөлүм жайгашат.   Объект колдонууга 2025-жылы берилет деп пландалууда. Курулушка каражат Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.

Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды

Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, көчкү турак-жайларга 300 метрдей гана жетпей калган. Учурда Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүүдө.   Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү жарыяланып,… Кененирээк…

Кыргызстанда республиканын мурдагы жарандарынан “Мекен-карт” алууга документтер кабыл алынууда

Кыргызстанда республиканын мурдагы жарандарынан “Мекен-карт” алууга документтер кабыл алынууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен эскертишти.   “Мекен-карт” жаранга Кыргызстанда уруксат берүүчү кагазы жок эле ишке орношууга, билим берүү жана медицинага мүмкүнчүлүк алууга, ошондой эле өлкө аймагына  эркин кирүүгө шарт түзүп берет.  … Кененирээк…

Чек ара чырында каза болгон жоокердин үй музейи ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2022-жылы сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 22 жаштагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үй музейи ачылды. Анын ысымы эки көчөгө да берилди.   Музейде Даниэлбек Малашовдун балалык чагы, жогорку окуу жайдагы жана чек арадагы кызмат учурундагы сүрөттөрү менен кийимдери,… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында 23-март күнү жарык өчөт

Борбор калаанын кээ бир аймактарында 23-март күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-17:00 — Токтогул көчөсүндөгү №200 үйдө, Т. Фрунзе, Гагарин, Боталиев, Щербаков, профессор Зимы, Саадаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Нариманов туюк көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Медеров,… Кененирээк…

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.   Максаты — ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо. ЕАЭБ аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда… Кененирээк…

Баткендин Ак-Сай айылында социалдык объектилердин курулушу башталды

Баткендин Ак-Сай айылында социалдык объектилердин курулушу башталды.   Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бала бакчанын курулушуна капсула салды.   Учурда жеринде бир мектеп жана эки бала бакча курулуп жатат. Курулушка каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Мектеп 275 орунга чакталса, мектепке чейинки билим берүү… Кененирээк…

Антуан Гризманн Франция курамасындагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн

Антуан Гризманн Франция курамасындагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Буга анда бир катар себептер бар: алсак, Уго Льористин кетиши, досу Поль Погбанын ойнобой калышы жана машыктыруучунун кураманын капитаны катары Килиан Мбаппени тандоо чечими.   Анткени, Гризманн өзү капитан болгусу келип жүргөндүгү айтылууда.   Эске салсак, 31 жаштагы… Кененирээк…