Түштүк Кореяда үй жаныбарлары үчүн турлар уюштурулду

Түштүк Кореяда үй жаныбарлары үчүн турлар уюштурулду.   Эс алуучулар жанына бир үй жаныбарын алып, Чеджу аралына эс алууга барса болот. Болгондо дагы, ит же мышык учакта ээсинин жанында өзүнчө орундукта отуруп барса болот. Тур 3 күнгө созулат.   Туристтер жана алардын төрт буттуу достору… Кененирээк…

Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңы шаар 10 жылдын ичинде курулуп, асмандан караганда ал улуттук музыкалык аспап – комузду чагылдырат.   Эске салсак, бийлик Балыкчыга жакын жерде “Асман” деп аталган шаар курууну көздөп жатат.   Анда дээрлик… Кененирээк…

Тажикстанда жер титирөөдөн ондогон турак жай кыйрады

Тажикстанда 23-мартка караган түнү болгон жер титирөөдөн Согд облусунун Тоолуу Матча районунда ондогон турак үй жана айыл-чарба курулуштары кыйрады. Күчү 5,9 баллга жеткен зилзала саат 1.07де болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жана Тажикстандын Илимдер академиясынын сейсмология институту билдиришти.   «Озоди» радиосу жазгандай, кээ бир… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң бийик темир жол Индияда курулуп жатат

Дүйнөдөгү эң бийик темир жол Индияда курулуп жатат.   Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, ал ушул айдын аягында колдонууга берилет. Ченаб көпүрөсү Баккал жана Каури ортосунда, дарыядан 359 метр бийиктикте жайгашат.   Белгилүү болгондой, өтмөктүн курулушуна 300 инженер жана 1 миң  300 куруучу тартылып, алар соңку… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Мындай коркунуч 27-мартка чейин сакталат. Аталган трассалар менен жүрүүдө айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты… Кененирээк…

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында колдогон. Министрликти буга чейин жетектеп келген Динара Кутманова 15-мартта кызматынан бошотулду.

Аламүдүн районунда 186 млн сомдук айдоо аянты мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл өкмөтүндө жалпы аянты 307,5 гектар болгон айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Чүй облустук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган тилкелерге карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай калгандыгы аныкталган.  … Кененирээк…

Кытайдын элчиси кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга виза берилгенин айтты

Жыл башынан бери кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга Кытайдын визасы берилди. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь 23-марттагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алды. Мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулады. «Биз толугу менен… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн көрсөткүч менен мектептер университеттерге бекитилет

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн көрсөткүч менен мектептер университеттерге бекитилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жогорку окуу жайлар аларга методикалык колдоо көрсөтөт.   Алсак, химия боюнча Медициналык академия, физика жана математика боюнча – Техникалык университет, тарых боюнча – Кыргыз улуттук университети жардам берет.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Бишкекте эс алуу бакчасын ачууга даярдык көрүлүүдө

Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы бир чакан эс алуу бакчасы ачылганы жатканын бүгүн 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөр жана тосмолор алынып, азыркы тапта тазалоо иштери жүрүп жатат.   Борбор калаанын башкы архитектура мекемеси мэриянын тапшырмасы… Кененирээк…