Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтмөкчү. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда: 1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг; 2. Мээрим Жуманазарова – 68 кг; 3.… Кененирээк…

27-28-мартта Бишкектин четиндеги айрым жерлерде газ өчүрүлөт

 Борбор калаанын Көк-Жар айылындагы «Сары-Челек», «Сейтек», «Искендер» турак жай комплекстеринде 27-марттан 28-мартка чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлады. Көгүлтүр отту берүүнү убактылуу чектөө бир катар аймактардагы көп кабаттуу үйлөргө газ киргизүүгө жана газды жөнгө салуучу №62 пунктунун жабдууларын жогорку… Кененирээк…

Бириккен Араб эмирлигинде издөө-куткаруу иштерине учуучу мотоцикл тартууланды

Бириккен Араб эмирлигинде издөө-куткаруу иштерине учуучу мотоцикл тартууланды.   Транспорт саатына 80 чакырым ылдамдыкта жүрө алат. Ал авиация жана космос тармактарында колдонулуучу туруктуу материалдан жасалган.   Мотоцикл адамдарды куткаруу операцияларында, алыскы райондордо мунай чыгарууга жана курулуш иштеринде колдонулат деп пландалууда.

Боом капчыгайында ири өрт чыкты

Боом капчыгайында ири өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы ачык аянтта чыкты.   Жалынды басууга өрт өчүрүүчүлөрдүн 3 бригадасы жана авариялык-куткаруучу техника тартылды. Жеринде 100дөн ашык киши тилсиз жоого каршы күрөшүүдө, арасында куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана “Кыргызтемир жолу”… Кененирээк…

Лионель Месси карьерасында 800 гол киргизди

Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси карьерасында 800 гол киргизди. Мааракелик топ Панама командасынын дарбазасына болду. Эки курама достук беттештин алкагында жолугушкан.   Месси улуттук курамасы үчүн 99 гол, “Барселона” үчүн 672 гол жана ПСЖга 29 гол киргизди. Форвард мындай көрсөткүчкө жеткен экинчи оюнчу болду. Биринчи… Кененирээк…

Өлкөдө бул ишемби, 25-март иш күнү болот

Өлкөдө бул ишемби, 25-март иш күнү болот. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда жаңы жылдык майрамдар узакка созулуп, жумушка чыга турган күндөр жылдырылган.   Тагыраагы, жарандар 6-январдагы эс алуу үчүн эртең ишембиде ишке чыгат.

Кыргызстанга январь айында 6,5 миң унаа жеткирилди

Кыргызстанга январь айында 6,5 миң унаа жеткирилди.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң көп транспорт каражаттары Түштүк Корея, Россия, АКШ, Кытай, Япония, Литва жана Германиядан келет.   Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылдын биринчи айында 1,5 эсеге аз унаа жеткирилген болчу. Жалпысынан 2022-жылы өлкөгө 40 миңден… Кененирээк…

Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курат

Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курат. Тиешелүү келишим  “Чакан ГЭС” ишканасы менен кытайлык компаниянын ортосунда жетишилди.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы кубаттулугу 21 мегаватты  түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.  … Кененирээк…

Жаңы Зеландия бийлиги өспүрүмдөргө жоопсуз сүйүүнү жеңүүгө жардам берет

Жаңы Зеландия бийлиги өспүрүмдөргө жоопсуз сүйүүнү жеңүүгө жардам берет. Мындай идея жаштардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин келип чыккан.   Белгилүү болгондой, көбү сүйүктүүлөрү менен эки жолго түшкөн соң чоң стресске кабылып, аябай кайгырат. Андыктан, бийлик психологиялык колдоо жана түшүндүрүү иштерин камтыган атайын программа иштеп чыкты.… Кененирээк…

Кыргызстанда кечээки кооз датада дээрлик 200 жуп баш кошту

Кыргызстанда кечээки кооз датада дээрлик 200 жуп баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. 23.03.23 датасында Бишкекте 104 жуп турмуш жолуна аттанды.   Ведомстводон белгилешкендей, акыркы жылдары жаштар баш кошуу үчүн ушул сыяктуу кооз даталарды тандагандыктан, мындай күндөрү нике күбөлүгүн алгандардын саны… Кененирээк…