Кытайдын Сиань шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Кытайдын Сиань шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, 27-марттан тарта кытайлык авиакомпания тарабынан Сиань-Бишкек-Сиань каттамы жумасына 2 ирет – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.   Учуу убактысы 4 жарым саатты түзөт. Эске салсак, аталган багыт 11-февралда ачылып, жекшемби күндөрү аткарылып жаткан.

Бишкекте акимиаттардын ордуна шаардык башкармалыктар түзүлөт

Бишкек мэриясы калааны башкача башкарууга даярданууда. Мекемеден маалымдалгандай, эми борбор шаарда акимиаттар менен Муниципалдык аймактык башкармалыктардын ордуна шаар башкармалыктары түзүлөт. Реформа учурда даярдалып жатат. Бирок Бишкектин райондорго бөлүнүшү ушул боюнча калат. Жаңы башкаруу үлгүсү пилоттук режимде биринчи Свердлов районунда ишке ашат, анда шаардык үч мекеме… Кененирээк…

Өсүмдүк зыянкечтери менен күрөшүүгө 282,5 тонна пестицид алып келинди

Айыл чарба министрлигинен маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 24-мартына карата өлкөгө 282,5 тонна пестицид ташылып келди. Бул өсүмдүк зыянкечтер, оору, отоо чөптөр үчүн республика боюнча керектелчү пестициддердин 46 пайызын түзөт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөш уланып жатканы айтылды. Анын ичинен: үрөн ууландыргычтар… Кененирээк…

Боомду каптаган өрт толук өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Боом капчыгайындагы Көк-Мойнок-2 айылында саат 12:34 чамасында ар кайсы тилкеден өрт чыккан. Тилсиз жоо Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун жана Бишкек — Балыкчы темир жолунун айланасында катталган. Маалыматка… Кененирээк…

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга 13 млн. сом бөлүнөт

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүнөт. Каражат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Мурас” фондунун эсебине жакын арада которуларын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.   Буга чейин “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10… Кененирээк…

Кыргызстандын БУУ менен кызматташуусунун эки жылдык программасы бекитилди

Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Стратегиялык координациялык комитетинин биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.   Жыйында узак талкуудан кийин 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарынын программасын бекитүү чечими кабыл алынды. Эки жылга карата биргелешкен иш пландарды ишке ашыруу 223 млн. долларга… Кененирээк…