«Тилектештик автобусу» акциясы жыйынтыкталды

«Тилектештик автобусу» акциясынын алкагында 1 миң 119 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган акция 13-марттан 25-мартка чейин өткөрүлдү. Анын негизги максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат. Акциянын жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, адвокаттары,… Кененирээк…

Ош шаарында 1 миң 200 орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат

Ош шаарында 1 миң 200 орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Билим берүү комплексинде инновациялык, санариптик билим берүү технологияларына ылайык окууларды өткөрө турган квалификациялуу команда болот. Комплексте бассейн, стадион, спорт аянтчалары курулат. Долбоорду Россия ишке ашырат.

Мэрия ордо калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти

Бишкек мэриясы ордо калаанын жакынкы 15-20 жылга жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы башкы планды иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөнү айтылды. Мындан тышкары, шаар бийлиги жашылдандыруу, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле борбор… Кененирээк…

Бишкекте троллейбустардын отургучтары жаңыланууда

Бишкек троллейбустарынын отургучтары жаңыланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, адистер эски отургучтарды оңдоп, кездеме менен каптап чыгышты. Жумуштар жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жасалууда. Белгилеп кетсек, борбордо күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Некрасов көчөсү менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган бөлүктө канализациялык коллекторлорду төшөө жүргүлөт. Ишти эртең жыйынтыктоо пландалууда. Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алуусу зарыл.

«Манас» аэропорту Сиандан учуп келген жаңы каттамды салтанаттуу тосуп алды

«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн, 27-мартта Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты. Учуулар кытай авиакомпаниясынын учагы аркылуу жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат. Учуу… Кененирээк…

Денис Петрашов АКШда коло медаль багындырды

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча университеттер аралык мелдеште 3-орунду ээледи. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 100 метр аралыкты брасс түрү менен сүзүп, коло медалга татыды. Турнир АКШнын ЖОЖдору арасындагы чоң мелдештердин бири.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинде кайрадан техникалык мүчүлүштүктөр орун алды

“Унаа” мамлекеттик мекемесинде кайрадан техникалык мүчүлүштүктөр орун алды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мунун себептери азырынча белгисиз. Учурда адистер көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Каттоо бөлүмдөрүнө барардын алдында жарандар 0 (312) 63-31-74 телефону аркылуу маалыматты тактап алуусу зарыл.

Кыргызстанда беш жыл ичинде дан азыктары 51 пайыздан ашык кымбаттады

Кыргызстанда беш жыл ичинде дан азыктары 51 пайыздан ашык кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду. 2017-2022-жылдар аралыгында ун дээрлик 25 пайыз, нан 22 пайыз, кесме 21, күрүч 13,5 пайыз жогорулаган. Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу былтыр азык-түлүктүн баасы 16 пайызга кымбаттаган. Белгиленгендей, буга инфляция… Кененирээк…

Таласта 400 түп ийне жалбырактуу дарактын көчөтү отургузулду

Талас шаарында 400 түп ийне жалбырактуу дарактын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көчөттөр банк кызматтарынын демөөрчүлүгү менен шаардын Ч.Айтматов көчөсүнүн Ж.Турсалиев көчөсүнөн Э.Мадиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө отургузулду. Ал эми жашыл чарба муниципалдык ишканасынын тийиштүү кызматкерлери көчөттөрдүн ордун казып, тийиштүү техникалар менен… Кененирээк…