Кыргызстандык беш боксчу Сербияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сербияда өтө турган эл аралык мелдешине катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 28-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси төмөнкүдөй: 1. Анваржан Ходжиев 48 кг; 2. Баяман Азизбек уулу 57 кг; 3. Аскат Култаев… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды

Бишкекте таштандыны жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган. Долбоорду Түркиялык компания ишке ашырууда. Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, ошондой эле шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк… Кененирээк…

Ленин районунун акими иштен кетти

Бишкектин Ленин районунун акими Руслан Тагаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Меккеге бараткан автобуста кырсыктагандар арасында кыргызстандыктар жок

Меккеге бараткан автобуста кырсыктагандар арасында кыргызстандыктар жок. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жагдай мекеменин көзөмөлүндө. Бүгүн Сауд Аравияда зыяратчылар жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен ондогон адам каза болуп, дагы ошончосу жаракат алганы кабарланууда.

Бишкектин Эне-Сай конушу жарыктандырылды

Бишкектин Эне-Сай конушу жарыктандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган конушта кубаттуулугу 50 Вт жана 100 Вт болгон 78 светодиоддук чырак, 78 кронштейн орнотулду. Ошондой эле жарыктандыруучулар бийиктиги 9 метр болгон 21 темир-бетон мамыларды орнотту. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин… Кененирээк…

1-апрелден тарта ОСАГО албаган унаа ээлеринин айрым категорияларына айып салынат

Кыргызстанда 1-апрелден тарта ОСАГО албаган унаа ээлеринин айрым категорияларына айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы  билдирди. Кеп башка өлкөдө катталган унаалар, мамлекеттик органдар жана юридикалык жактардын машинелери жөнүндө болуп жатат. Камсыздандыруу полиси жок болсо аларга айып 12 миң сомду… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунда жаңы бала бакча курулат. Тендерди аймактагы курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Тогуз-Торо районунун Атай айылында пайда болот. Имарат 100 орунга ылайыкташкан. Курулушка жалпысынан дээрлик 74,5 миллион сом сарпталат.

Кыргызстан менен Израиль түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Израиль түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти. Өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамы эки тарапка тең туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын туристтик дарамети менен таанышуу максатында Израилдин туристтик бизнесинин өкүлдөрү үчүн инфо-тур өткөрүү сунушталды, — деп айтылат маалыматта.

Биринчи класска балдарды электрондук кезек менен кабыл алуу кийинки айда башталат

Биринчи класска балдарды электрондук кезек менен кабыл алуу кийинки айда башталат. Ал эки этап менен жүргүзүлөт, — дешти Билим берүү министрлигинен. 10-апрелден 25-апрелге чейин туруктуу жашаган жери боюнча.   Ал эми экинчи этапта каалаган мектептеги бош орундарга 26-июндан 31-августка чейин кабыл алынат. Электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg… Кененирээк…

Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы иштеп жатат

Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, тиркемени бардык жарандар смартфонуна көчүрүп, QR-код аркылуу препарат тууралуу бардык маалыматты ала алат.   Жаңычылдык кмыйзамсыз ташылган продукция менен күрөшүүгө жана дарылардын сапатын жакшыртууга жардам берет.   Андан тышкары, рынокко толук көзөмөл киргизилип, медициналык… Кененирээк…