Кыргызстан жылуулук мезгилинде Россиядан электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан жылуулук мезгилинде Россиядан электр энергиясын импорттойт. Тиешелүү макулдашууга бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында кол коюлганын Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди. Маалыматка ылайык, расмий Бишкек 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 миллион кВт саат электр энергиясын сатып алат. Белгиленгендей, электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим… Кененирээк…

Таласта 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди

Таласта «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, иш-чара Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында өттү. Каражат алгандар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек. Белгилеп кетсек, аталган долбоор калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында былтыртан тарта… Кененирээк…

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюр орнотулду. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюндагы зергер дүкөнүнүн маңдайына да 20 метрди түзгөн бордюр коюлду. Буга чейин бул аймактарда башаламан унаа токтотуучу жай болгондуктан, тыгын пайда… Кененирээк…

“Ак-Жол” өткөрмө бекетинде убактылуу чектөө киргизилет

“Ак-Жол” өткөрмө бекетинде убактылуу чектөө киргизилет. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей эртең, 30-мартта таңкы саат 8ден түшкү 12ге чейин аталган көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлбөйт. Мунун себеби “Ак-Жол” пунктундагы оңдоо иштерине байланыштуу. Зарыл болгон учурда жарандар жана транспорт каражаттарынын айдоочулары Чүй… Кененирээк…

Тажикстандын аймагында катталган жер титирөө Баткенде да сезилди

Тажикстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 11:22де болуп, анын күчү Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бишкекте сугат мезгили башталды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда сугат мезгили башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды. «Таңдан тарта “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркы сугарылууда», — деп айтылат маалыматта. Белгилеп кетсек, буга чейин борбордо… Кененирээк…

Кыргызстан эми паспорт менен айдоочулук күбөлүктү өзү чыгара баштайт

Кыргызстан эми паспорт менен айдоочулук күбөлүктү өзү чыгара баштайт. Буга президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү ишендирүүдө. «Учкун» басмаканасына чет өлкөдөн заманбап техникалар келди. Жабдууларды жаңылоо иштери аяктагандан кийин басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт, — деп айтылат маалыматта. Белгилеп… Кененирээк…

Россия Кыргызстандын ар бир облусуна мектеп курат

Россия Кыргызстандын ар бир облусуна мектеп курат. Тиешелүү макулдашууга Билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов кол коюшту. Мектептер ар бир аймакта бирден, Бишкек жана Ош шаарларына да бирден пайда болот. Билим берүү мекемесинин алгачкысы 2025-жылы ачылып, орус… Кененирээк…

Япониянын тургуну тамеки тартканы үчүн 15 миң долларга жакын айыпка жыгылды

Япониянын Осака шаарынын тургуну жумуш учурунда тамеки тартканы үчүн 15 миң долларга жакын айыпка жыгылды. Бийлик 14 жыл иштеген адам жалпысынан 4,5 миң жолу чылым тартканга тыныгуу үчүн жумуш ордун таштап кеткенин эсептеп чыккан. Ал бул адатка 355 саат 19 мүнөт жумшаган. Жетекчилик кызматкерге мындай… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча курулат

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча курулат. Тендерди аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында пайда болот. Имарат 100 орунга ылайыкташкан. Жалпысынан курулуш иштерине дээрлик 71 миллион сом жумшоо пландаштырылган.