Жакында Бишкекте жүздү тааныган дагы 4 камера иштеп баштайт

Жакында Бишкекте жүздү тааныган дагы 4 камера иштеп баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, ордо калаанын Биринчи май районунда видеокөзөмөл орнотуу уланууда. Камералар Эркиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндө орун алат. Техника күнү-түнү иштейт. Буга чейин аталган райондо адам жүзүн тааныган аралыктан кол… Кененирээк…

“Кербен” аэропортун оңдоо иштери август аягына чейин бүткөрүлүшү керек

Аксыдагы “Кербен” аэропортун оңдоо иштери ушул жылдын август аягына чейин бүткөрүлүшү керек. Мындай тапшырманы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилигине берди, — дешти парламенттин басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, учурда аба майдандын аэробекети заманбап шартта толугу менен оңдолгон. Бирок учуу тилкелерин… Кененирээк…

Оштун Кара-Суу районунда 40 млн долларлык текстиль фабрикасы курулууда

Оштун Кара-Суу районунда 40 миллион долларлык текстиль фабрикасы курулууда. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, анын алкагында 600гө жакын адам иш менен камсыз болот. Ата мекендик ишкер куруп жаткан ишкана ушул күздө ачылат деп күтүлүүдө. Фабрика эл аралык стандартка жооп берет. Анда токуу, тигүү цехтери болот.

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, 4-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта таза суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Аталган аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн тургундары жана… Кененирээк…

Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарын толуктады

Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарын толуктады. Бул тууралуу Эл аралык каржы корпорациясы «Инвесторлорду коргоо жана эл аралык инвестициялык макулдашуулар» аттуу акыркы изилдөөсүндө билдирди. Изилдөөдө жалпысынан 120 мамлекет инвесторлор менен талаш-тартыштарда жоопкер болгон. Кыргызстандын эсебинде 16 соттук процесс болуп, алар экономиканын банк, энергетика,… Кененирээк…

“Айгүл-Тоо” коругуна кирүүгө 3 жылдык тыюу салынды

Баткендеги “Айгүл-Тоо” коругуна кирүүгө 3 жылдык тыюу салынды. Жергиликтүү токой чарбасынан билдиришкендей, мындай чара уникалдуу өсүмдүктү сактап калуу жана көбөйтүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин коруктун аймагына кирүүгө болбойт. Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл… Кененирээк…

«Социалдык контракт» долбоорунун алкагында 10 миң келишим түзүлүшү мүмкүн

Быйыл «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында 10 миң келишим түзүлүшү мүмкүн. Муну менен 50 миңдей адамдын жашоосу жакшырат, — дешти Эмгек министрлигинен. Учурда аталган проекттин алкагында Таластагы 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Каражат алгандар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек. Белгилеп кетсек, аталган… Кененирээк…

Атырга ууланганы айтылган Оштогу окуучулардын абалы канааттандырарлык

Оштун Кара-Суу районунда ууланып, ооруканага түшкөн окуучулардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ооруканага түшкөн 18 баланын 13ү дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш окуучу травматология бөлүмүнө которулганы белгилүү болду. Кечээ Ошто 43 окуучу ууланып ооруканага… Кененирээк…

Филиппинде туристтерге уникалдуу процедура сунушталат

Филиппинде туристтерге уникалдуу процедура сунушталат. Алсак, чарбалардын биринде жыландар массажисттин милдетин аткарат. Бирок баары эле мындай адистин кызматын колдонууга даай албайт. Тагыраагы, процедура нерви жукалар үчүн эмес. Бирок сойлоп жүрүүчүлөрдүн ээлери мындай массаж адамдардын коркууларын жеңүүгө, ошондой эле стресстен арылууга, ооруну басаңдатууга жана эс алууга… Кененирээк…

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 1-апрелден 3-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 3 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы бүчүр байлап калган бак-дарактар ​​үчүн кооптуу.