Ош мэриясы ЕККУнун Программалык кеңсеси менен кызматташтыкты күчөтөт

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, анда тараптар түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.   Өз сөзүндө шаар башчысы ЕККУнун Ош шаарындагы коомчулуктун санариптик өнүгүүсүнө, анын ичинде достукту… Кененирээк…

Кыргызстанда эртеңден тарта калк үчүн электр энергиясынын баасы 1 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта калк үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.   Министрлер кабинетинин документине ылайык, электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2 сом 16 тыйын болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып,… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 3-майда суу болбойт

Бишкектин бир бөлүгүндө 3-майда суу болбойт. “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 8ден кечки 10го чейин Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев жана Миңжилкиев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.   Ичүүчү сууну берүү турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде токтотулат. Мындай чара ремонт… Кененирээк…

Кочкор айылында “Унаа” мекемесинин жаңы имараты ачылды

Нарын облусунун Кочкор айылында “Унаа” мекемесинин жаңы имараты ачылды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул жерде дүйшөмбүдөн жумага чейин жарандарды кабыл алышат.   Ведомстводон белгилешкендей, жыл башынан бери калктын муктаждыктарын эске алуу менен Нарын облусунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин үч сектору жана филиалы ачылды.

Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, мындай көрүнүш жыл сайын абанын температурасынын жогорулашы менен байкалат.   Табигый кырсыкка кабылуу ыктымалдуулугу республиканын түштүгүндө жогору. Мындан улам, мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кооптуу аймактарда жашаган жарандарды тез арада көчүрүү, ошондой… Кененирээк…

ЖРТга кошумча каттоо 19-майдан 22-майга чейин жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 19-майдан 22-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.   Процедураны өз убагында бүтүрүүгө үлгүрбөй калган абитуриенттер тестирлөө борборлоруна каттала алышат.   Эске салсак, 2012-жылдан бери ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан бардык ЖОЖдорго кабыл алууда милдеттүү… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Тамчы айылындагы эл аралык аэропорт модернизацияланууда

Ысык-Көлдө Тамчы айылындагы эл аралык аэропорт модернизацияланууда. Президенттик администрациядан билдиришкендей, учурда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы аэровокзал комплексин куруу боюнча чаралар көрүлүүдө.   Маалыматка ылайык, азыркы аэровокзал 2003-жылы курулган жана жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө албай калган.   Бийлик “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун модернизациясы… Кененирээк…

Ынтымак Мурадил уулу жаа атуу боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама команданын мүчөсү Ынтымак Мурадил уулу Казакстанда өткөн “Алтын Ордо” эл аралык мелдешинде 1-орунду ээледи.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Атырау шаарындагы турнирде Мурадил уулу 70 метр аралыкта жаа атуу боюнча жарышып, жеңүүчү болду.   Аталган мелдеш 26-29-апрель күндөрү… Кененирээк…

Келе жаткан жайдын негизги тренддери аталды

Келе жаткан жайдын негизги тренддери аталды. Биринчиден, стилисттер табигый булалардан токулган максималдуу узундуктагы юбкаларга, сумкаларга жана башка аксессуарларга көңүл бурууну кеңеш беришет.   Мындан тышкары, кызыл түстөгү кийимдер, ошондой эле теннисчилердин формасына окшош көйнөктөр жана юбкалар популярдуу болот.   Аксессуарларга келсек, 1980-жылдардын стилиндеги зер буюмдарга… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн жабылат

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриянын маалыматына караганда, кеп Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жөнүндө болуп жатат.   Чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 12ге чейин болот. Иш-чаралар ордо калаанын 145 жылдыгына карата концерт өткөрүүгө байланыштуу.   Жол тыгындарын болтурбоо үчүн айдоочулар… Кененирээк…