Кыргызстандын футбол чемпионаты башталды

Жекшембиде футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты — Премьер-лиганын оюндары башталды. 2-апрелде биринчи турдун оюндар өтүп, “Абдыш-Ата” менен “Талант” командасы 0:0 тең ойносо, “Алай” командасы “ОшМУ-Алдиерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы жалгыз голду “Алай” командасынын оюнчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди. Бүгүн, 3-апрелде “Алга” — “Кара-Балта” командалары, “Нефтчи”… Кененирээк…

Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот

Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот. 7-апрелде Кыргызстанда Апрель революциясынын күнү белгиленет.   Быйыл ал жума күнгө туш болгондуктан, кыргызстандыктар катары менен 7-апрелден тогузуна чейин эс алат.

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды. Өлкө башчы аппаратынан белгилешкендей, бул чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун арттырууга жана бюджетти натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чара.   Маалыматка ылайык, администрациянын штаты 72 кызматкерге кыскартылып, 259 адамды түздү.   Айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду.

Бишкекте №1 СИЗОнун ордуна кичи район пайда болот

Бишкекте №1 СИЗОнун ордуна кичи район пайда болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал эске салгандай, өткөн жылы ордо калаадан Молдовановка айылына 47-колония көчүрүлгөн.   Анын ордунда учурда көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. 1,5 жылдан кийин 5 миң 500 адам мамлекеттик ипотека аркылуу турак-жайлуу… Кененирээк…

Бишкектин үч ооруканасында балдарды дарылоодо дары-дармек үчүн эми акча алынбайт

Бишкектин үч ооруканасында балдарды дарылоодо дары-дармек үчүн эми акча алынбайт. Тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров бергенин президент администрациясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук Онкология жана гематология, Эне-баланы коргоо жана Улуттук фтизиатрия борборлоруна тиешелүү.

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлүп берет

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлүп берет. Каражат кайтарымсыз негизде тапшырылат, — деп билдирди Экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов.   Анын айтымында, каражат Бишкекте перинаталдык борбордун жана кургак учук ооруканасынын курулушуна жана Ош, Таласта перинаталдык борборлордун курулушуна багытталат.   Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети… Кененирээк…

Евразиялык өнүктүрүү банкы “Куланак” ГЭСинин курулушун каржылайт

Евразиялык өнүктүрүү банкы “Куланак” ГЭСинин курулушун каржылайт.   Объект буга чейин айтылгандай, Нарын дарыясында курулат. Анын жылдык электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу 400 миллион киловатт-саатка жетет.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 118 миллион долларды түзөт. ГЭСтин ишке кириши менен Кыргызстандын Борбордук Азиядагы позициясын бекемдеп, аймактагы… Кененирээк…

WhatsApp мессендеринде жаңы жашыруун функциясы пайда болот

WhatsApp мессендеринде жаңы жашыруун функциясы пайда болот. Ал колдонуучуларга белгилүү бир чаттарды манжа изи менен же пароль менен блоктоп коюуга мүмкүнчүлүк берет.   Андан тышкары, бул опция жеке баарлашууларды башка адамдардан жашыра алат. Учурда функция тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат, жакынкы жаңылануудан кийин жеткиликтүү болот.

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө жана көрктөндүрүү иштери жанданды

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө жана көрктөндүрүү иштери жанданды.   Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 252 миллион сомдук долбоор 2020-жылы ишке кирген, бирок кийин жумуштар токтотулган болчу.   Программанын алкагында бийлик дамба куруп, дарыянын жээктерин жашылдандырмак. Андан тышкары, балдар аянтчасын, эс алуу аймагын, көпүрөлөрдү, вело… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күч алуусу катталды

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күч алуусу катталды. Санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 27-марттан 3-апрелге чейин 5 миңден ашык учур катталды.   Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 28 пайызга көп. Жума сайынкы мониторинг уланууда.   Дарыгерлер сасык тумоо жана вирустарды алдын алуу үчүн бет… Кененирээк…