Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 5ке жетти

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 5ке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алар өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.   Добуш берүү №26 Ленин… Кененирээк…

ЕАЭБ өлкөлөрүндө навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди

ЕАЭБ өлкөлөрүндө навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.   Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Навигациялык пломба товар жана транспорт каражаттарынын жылышына аралыктан көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Бул технология онлайн режимде миң чакырымга чейинки аралыкта дагы мыйзамсыз аракеттерди каттоого, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоого… Кененирээк…

Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга 1 миллиард сом бөлүнөт

Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга 1 миллиард сом бөлүнөт.   Долбоорду Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдиргендей, тилкенин жалпы аянты 8,8 гектарды түзөт. Бул жерде 5 миңден ашык батирлүү 11 турак-жай… Кененирээк…

Бишкектин  Ала-Тоо аянтында 29 кабаттуу эки имарат куруу пландалууда

Бишкектин  Ала-Тоо аянтында 29 кабаттуу эки имарат куруу пландалууда. “Кабар” агенттигине долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдиргендей, Ала-Тауэр комплексинин биринчиси күйүп кеткен мурдагы башкы прокуратуранын ордуна курулат.   Экинчи имарат анын маңдайында, Арабаев университети тарапта жайгашат. Аларда соода түйүндөрү, коммерциялык жайлар жана кеңселер жайгашат.   Ал… Кененирээк…

Кыргызстандын салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилет

Президент Садыр Жапаров «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Анын алкагында Салык кодекси өзгөртүлөт, мыйзам 16-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бийлик жаңы киргизилген нормалар адилеттүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө… Кененирээк…

Японияда сакура багынын гүлдөшү эле  өлкөгө дээрлик 5 миллиард доллар алып келет

Японияда сакура багынын гүлдөшү эле  өлкөгө дээрлик 5 миллиард доллар алып келет. Аналитиктер жаздын бул мезгилинде туристтердин чоң агымы боло турганын болжолдошту.   Жакында эле Япониядагы коронавирустук чектөөлөрдүн алынышы дагы жакшы таасирин берет. Эске салсак, сакуранын гүлдөшү туура бир жумага созулат. Бул мезгилде тургундар жакындары… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тарта Москва көчөсү унаа кыймылына жабылат

Бишкекте эртеңден тарта Москва көчөсү унаа кыймылына жабылат. Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Чектөөлөр канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу.   Иштер Москва көчөсүнүн Фучик – Асаналиев тилкесинде жүргүзүлөт.

Ош аэропорту чет элдик багыттар боюнча “Манас” аба майданынан алдыга чыкты

Ош аэропорту чет элдик багыттар боюнча “Манас” аба майданынан алдыга чыкты.   Бул тууралуу эки аэропорттун сезондук рейстеринин санын салыштыруу менен “Экономист” басылмасы жазды. Учурда түштүк калаа аба майданынан 22 чет элдик багыт боюнча учса болот, ал эми “Манаста” алардын саны — 19. Оштун алдыга… Кененирээк…

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу үчүн 20 миң сомдук айып киргизүү сунушталды

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу үчүн 20 миң сомдук айып киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Бектур Ибрагимов билдирди.   Анын айтымында, акча талап кылуу мугалимдерге гана эмес, коомдук фонддорго жана ата-энелер комитеттерине дагы тыюу салынат. Окуучулардын укуктарын жана эркиндигин коргоого багытталган документ коомдук… Кененирээк…

БШК 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады

БШК 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоого катышууга укуктуу жарандардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматынын негизинде түзүлгөн тизмеге 72 миңден ашык адам кирди. Эске салсак, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл… Кененирээк…