Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Каражат насыя катары 38 жылга берилет. Акча өлкөнүн энерго тармагын жакшыртууга багытталат деп пландалууда.   Бийлик бөлүштүрүүчү тармактарды жаңыртып, энергия каттоо системасын санариптештирүү ниетинде. Күтүлгөндөй, бул иш-чаралар каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртып, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга шарт түзөт.  … Кененирээк…

Бишкекте көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министр Мелис Тургунбаев катышып, департаменттин директору Гульзат Жолчубековага компьютерлерди жана принтерлерди тапшырды. Ал эми 12 кызматкер… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунда аз камсыз болгон 69 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

«Социалдык контракт» долбоорунун алкагында Кара-Кулжа районунда аз камсыз болгон 69 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, 100 миң сомдук сертификаттар президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, КР министрлер кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында Эмгек… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

1-7-апрель күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.   Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ал достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн, жумушчу топтор эми Тажикстандын аймагында чогуларын билдирди.… Кененирээк…

Лейлек районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Лейлек районунда жаңы мектептин курулушу башталды. Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Сары-Дөбө айылында пайда болот.   Эки кабаттуу имарат 150 окуучуга чакталган. Курулуш иштерин жыйынтыктап, мектептин каалгасын окуучуларга 1-сентябрга чейин ачуу пландалууда.

3 күндөн кийин мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алат

3 күндөн кийин мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алат. Бул ирет ал эки этап менен жүргүзүлөт – 10-апрелден 25-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча.   Ал эми экинчи этаптын алкагында пропискасына карабай, каалаган мектепке – 26-июндан 31-августка чейин кабыл алынат.… Кененирээк…

Министрлер кабинети 11 мамлекет  үчүн жеңилдетилген визалык режимди узартты

Министрлер кабинети 11 мамлекет  үчүн жеңилдетилген визалык режимди узартты. Тизмеде Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Кувейт, Катар, Оман жана Бахрейн бар.   Өкмөттөн белгилешкендей, бул өлкөнүн инвестициялык жана туристтик тармактарынын өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзөт.

Электрондук добуш берүүнү биринчи ирет колдонууга бардык жабдуулар даяр

Электрондук добуш берүүнү биринчи ирет колдонууга бардык жабдуулар даяр. БШКдан билдиришкендей, биринчи ирет жаңы формат жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо колдонулат.   Ал үчүн Баткен районунунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл кеңештери тандалып алынган. Учурга карата автоматтык урналар менен иштей турган жабдуулар сатылып алынды. Электрондук добуш… Кененирээк…

Электрондук кызмат мамлекеттик порталына 20 кызмат киргизилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги электрондук кызматтар мамлекеттик порталына (portal.tunduk.kg) тесттик режимде 20 кызмат жайгаштырылганын эскертти. Онлайн түрдө төмөнкү кызматтарга билдирме берсе болот: «балага сүйүнчү» акчасы; үй-бүлө багуучусунан айрылган учурда балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул; майыптыгы бар чоң адамдар жана балдарга ай… Кененирээк…

Кыргызстанда бассейндик кеңештер түзүлөт

Министрлер кабинети бассейндик кеңештер жөнүндө типтүү жобо бекиткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим кечээ өкмөттүн кезектеги жыйынында кабыл алынган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев бассейндик кеңештер Кыргызстанда биринчи жолу түзүлүп жатканын айтты. «Суу кодексине ылайык, бассейндик кеңеш бассейндеги суу ресурстарын… Кененирээк…