Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.   Финалда Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чунду караандатпай жеңип алды.   Ушул күндөру Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында ошондой эле Акжол Махмудов алтын, Роман Ким коло медаль багындырды.… Кененирээк…

Каржы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

“Каржы министрлиги жарандарга акча табуу үчүн жаңы долбоор ачты” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекемеден билдиришкендей, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда, ошондой эле мессенджерлерде тарап жатат.   Мындан улам мекеме алдамчылардан сак болууга жана ар кандай маалыматка ишенүүдөн мурда расмий булактардан текшерүүгө чакырат.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.   Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу күтүлөт. Айрыкча,  Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан… Кененирээк…

Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу быйыл башталат

Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин райондун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.   Маалыматка ылайык, бул жылы аталган трассанын 173 чакырымынын 50 чакырымын бүткөрүү пландалууда.   Учурда долбоорлоо жумуштары аяктап, каражат бөлүнгөн. Иштер күн жылыса эле эки… Кененирээк…

Ош – Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды

Ош – Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Каттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү аткарылат.   Жүргүнчүлөрдү Россиялык авиакомпания ташыйт.

Аймактарга каттаган таксилер эми эки бекетке бөлүнөт

Аймактарга каттаган таксилер эми эки бекетке бөлүнөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Алсак, Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин багытындагы таксилер Чыгыш автобекетине, Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.   Буга чейин Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталган. Атайын тосмолор… Кененирээк…

Бишкекте мобилдик бала бакчалар көбөйүүдө

Бишкекте мобилдик бала бакчалар көбөйүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин районунун акимчилиги №93, 79, 97 мектептердин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат.   Аталган долбоор «Жер Ынтымагы» конушунда жашаган 2 жаштан 7 жашка чейинки балдарды камтыйт. Бул жерде бөбөктөрдү 1 саатка калтырууга болот.   Ошондой… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлердин саны онго жетти

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 10го жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда… Кененирээк…

Кыргызстандын айрым ашууларында кар жаап жатат, бирок жолдор кыймылга ачык

Кыргызстандын айрым ашууларында кар жаап жатат, бирок жолдор кыймылга ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Чычкан капчыгайында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө.   Өтмөктө кар бар, жол тайгак.   Ала-Бука –… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №49 автобус каттай баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №49 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, транспорт 33-маршрутканын ордуна Арча-Бешик конушунда 24 чакырымды түзгөн айланма жол менен жүрөт.   Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттү түзөт.   Каттамга 11 автобус чыкты.