“Түндүк” порталында “Адамдын ден соолугунун санарип профили” кызматы ишке кирди

“Түндүк” мамлекеттик порталында “Адамдын ден соолугунун санарип профили” кызматы ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңычылдык бейтаптын абалы тууралуу маалыматка тез жетүүгө мүмкүндүк берет.   Бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.   Бүгүнкү күндө системада адам кайсы ооруканага жаткырылганы, камсыздандыруу абалы, клиникаларга баруу тарыхы,… Кененирээк…

Ленин шайлоо аймагынан ЖКга депутат болууну көздөгөндөр 15ке жетти

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болууну көздөгөн талапкерлердин саны 15ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.

Кыргызстанда тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө орган түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө орган түзүлүшү мүмкүн. Бул боюнча сунуштар иштелип жатканын Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.   Маалыматка ылайык, тергөө жүргүзүү укугу Ички иштер министрлиги менен УКМКга бөлүнүп берилет же өзүнчө тергөө департамент түзүлөт.   Учурда Кыргызстанда ИИМ,… Кененирээк…

Бишкек жылуулук электр борборун убактылуу газга өткөрүү пландалууда

Бишкек жылуулук электр борборун бир айга газга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.   Бул ЖЭБ канча зыяндуу газ чыгарып жатканын билүү үчүн жасалат. Ал үчүн 1 миллиард 770 миллион сомдой керектелет.

Жыл башынан бери Россиядан Кыргызстанга 15 адам экстрадицияланды

Жыл башынан бери Россиянын абактарынан 15 кыргызстандык экстрадицияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.   Анын айтымында, аталган мамлекетте жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча бардык инстанцияларда сүйлөшүү жүрүп жатат.   Маалыматка ылайык, учурда Россияда 1 миңден ашык… Кененирээк…

Баткендеги 243 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Баткендеги 243 үй-бүлөгө «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында облус боюнча быйыл 1 миңден ашык үй-бүлөгө социалдык жардам берүү каралган. Учурда каражат 500дөн ашык үй-бүлөгө берилди. Алар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.… Кененирээк…

Чаткал районуна муниципалдык кичи ГЭС курулат

Чаткал районуна муниципалдык кичи ГЭС курулат. Аким Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, объект Каныш-Кыя айылында жайгашат.   Станциянын долбооруна жергиликтүү бийлик 5 миллион сом бөлгөн.   Келечекте ГЭС жылына бюджетке 60 миллион сомго жакын киреше алып келет деп күтүлүүдө.

Нью-Делиден Лондонго бараткан учак багытын өзгөртүүгө аргасыз болду

Нью-Делиден Лондонго бараткан учак багытын өзгөртүп, кайра Индиянын борборуна конууга аргасыз болду.   Шашылыш конууга жүргүнчү менен учактын экипаж мүчөлөрүнүн ортосундагы мушташ себеп болгон. Эркек менен стюардессалардын ортосундагы чыр учак абага көтөрүлгөндөн үч сааттан кийин башталган.   Самолет жерге конгондон кийин укук бузган адамды полиция… Кененирээк…

Бишкек – Баткен аба каттамы убактылуу токтотулду

Бишкек – Баткен аба каттамы убактылуу токтотулду. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, бул оңдоо иштерине байланыштуу.   Маалыматка ылайык, иштерди бир айдын ичинде бүткөрүү пландалууда.   Белгилеп кетсек, ордо калаадан Баткенге авиакаттам февраль айында эле реконструкциядан кийин жанданган.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңдей адам катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңдей адам катталды. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунан билдиришти.   Бул көрсөткүч азырынча акыркы жыйынтык эмес. Мектептерден маалыматтар дагы эле келүүдө жана алар иштелип жатат.   Эске салсак, ЖРТ быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт.