Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш медаль алды

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алды.   Финалда Сманбеков индиялык Аман аттуу балбан менен кармашып, 4:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.   Эске салсак, Алмаз Сманбеков 2022-жылы Монголияда өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолу болжол менен эки күндөн кийин ачылат

Каракол – Эңилчек унаа жолу болжол менен эки күндөн кийин ачылат. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, аба ырайынын катаал шарттарынан улам аталган жолду тазалоо мүмкүн эмес болууда.   Эске салсак, кечээ Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуусунда кар көчкү түшүп, каттам эки… Кененирээк…

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор курулат

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор курулат.   Туризм департаментинен билдиришкендей, инвесторлор жаратылыш паркына тейлөө борбору салына турган жер менен таанышты. Анда кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор болот.   Бирок туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилери кабарланган жок.

Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт

Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Каражат «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя, лизинг берүү жана каржылоо жолу менен агроөнөр жай кластерлерин колдоого багытталат.   Бул өз кезегинде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, агрардык секторго… Кененирээк…

Бишкектин Дэн Сяопин проспектисине стелла орнотулууда

Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен Барпы Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси орнотулууда. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана бийиктиги 11 метр болгон стелланы орнотуу иштери аяктады. «Учурда айланасын көрктөндүрүү, Бишкек деген тамгаларды жана ак илбирсти орнотуу үчүн стелланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп… Кененирээк…

Бишкектеги №20 бала бакчаны оңдоо иштери 80 пайызга аяктады

Бишкектеги №20 бала бакчаны оңдоо иштери 80 пайызга аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, бакчада капиталдык оңдоп-түзөө менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлүүдө. Учурда ички жасалгалоо иштери, ошондой эле көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын имараты эки кабаттуу, аянты 1231 чарчы метрди, ал эми жалпы аянты 0,52 гектарды түзөт.… Кененирээк…

Бишкектин Октябрь районунун акими алмашты

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Дороев Азамат берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.   Ал эми мэрдин башка буйругу менен анын ордуна Орозалиев Жаныбек Аманович дайындалды.

Кыргызстанга 280ден ашык машине мыйзамсыз ташылып келген

Кыргызстанга 280ден ашык машине мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.   Жасалма документтер менен катталган унаалардын натыйжасында мамлекеттик казынага 285 миллион сом түшпөй калган.   Учурда материалдар прокуратура органына өткөрүлүп берилди.

Бишкектеги жаңы конуштарда мобилдик клиникалар уюштурулууда

Бишкектеги жаңы конуштарда мобилдик клиникалар уюштурулууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, клиника балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, эмдөө менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.   Анда Дордой, Ак Жар, Келечек конуштарынын медициналык уюмдарда каттоодо турбаган тургундары… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. “Кыргызстан Газпром” ишканасы билдиргендей, 17-апрелден 19-апрелге чейин газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Абоненттер бул убакыт аралыгында энергиянын… Кененирээк…