Кара-Балтада үч күн газ болбойт
Кара-Балта шаарында үч күн газ болбойт. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалыматына караганда 17-апрелден 19-апрелге чейин «Кара-Балта» газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөт. Абоненттер бул убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарына өтүшү керек.