Кыргызстанда “Социалдык ипотека” жаңы багыты киргизилип жатат

Кыргызстанда “Социалдык ипотека” жаңы багыты киргизилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик тармактагы адамдар эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.   Беш же андан көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген… Кененирээк…

“Барселонанын” президенти Лионель Мессинин транфсери боюнча маалыматты тастыктады

“Барселонанын” президенти Лионель Мессинин транфсери боюнча маалыматты тастыктады. Жоан Лапорта беттештен кийин күйөрмандар менен сүйлөшүп, Месси чындыгында каталондук клубдун курамына кайтып жатканын билдирди.   Эске салсак, учурда Лионель Месси ПСЖда ойнойт. Ал 2021-жылдын жай айында ага которулган.   Ага чейин ал карьерасын толугу менен “Барселонага”… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү

2023-жылдын 1-апрелине карата «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын уставдык капиталы 13,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2021-жылы кабыл алынган «Менин үйүм 2021-2026» жаңы программасынын алкагында компанияны финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында мурда бөлүнгөн 4,6 млрд сом бюджеттик ссудалар компаниянын… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад облусунда муктаждарга АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) тарабынан 9 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, ЮСАИДдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында майыптыгы бар жарандарга, балдардын психологиялык социалдык стационардык мекемесине, карылар үйүнүн жашоочуларына, кургак учук, ВИЧ/СПИД борборунун… Кененирээк…

Кыргызстанда биринчи жолу электрондук медициналык документ берилди

Саламаттык сактоо системасында 17-апрелде биринчи жолу электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен электрондук медициналык документке ийгиликтүү кол коюлду.   Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул электрондук саламаттыкты сактоонун өнүгүшүндөгү маанилүү кадам, медициналык маалымат алмашуу процессин кыйла жөнөкөйлөтөт жана тездетет.   Электрондук цифралык кол… Кененирээк…

Бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга электр энергияны импорттоо 9,2 млн кВт саатты түздү

Россиянын “Интер РАО” компаниясы 15-апрелден тарта Казакстан аркылуу Кыргызстанга электр энергияны импорттой баштады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергияны берүүнүн суткалык көлөмү 3,6-5,3 млн кВт саатты түзөт.   “Учурда саатына 400 МВтка чейин жеткирилүүдө. Электр энергиясын берүүнүн суткалык көлөмү Казакстандын электр тармактарынын кубаттуулугуна жараша болот.… Кененирээк…

WhatsApp жаңы функция тууралуу жарыялады

WhatsApp жаңы функция тууралуу жарыялады – файлдарды кайра жөнөтүүдө текстти редакциялоо мүмкүнчүлүгү. Бул опция учурда тиркеменин бета-версиясында жеткиликтүү.   Колдонуучулар видео, сүрөт, документтерди же гиф-файлдарды жөнөтүүдө текстти өз каалоосу менен өзгөртө алат. Бул файлдар туура эмес аталып калган учурларда ыңгайлуу.   Жаңычылдык бардык колдонуучуларга жакынкы… Кененирээк…

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Учурда бул өлкөдө Кытайга салыштырмалуу 19 миң адамга көп жашайт. Эксперттер белгилешкендей, Индияда дагы калктын ишке жарамдуу деңгээли аз болгондктан, экономикалык өсүш байкалууда.   Бирок Индия башка өнүккөн мамлекеттерден 2 тармак боюнча артта калат: эмгек өндүрүмдүүлүгүүн деңгээли жана… Кененирээк…

Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта өтөт

Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта өтөт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Чечимди жергиликтүү бийлик кабыл алды. Майрамдык намаз 21-апрелде таңкы саат 7.30да башталат.   Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы быйыл Орозо айт 21-апрелде белгиленерин жарыялады.

Ошто жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар иликтенип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды текшерип-иликтеп жатат. Мекеменин билдиришинче, 17-апрелде Кара-Кулжа районундагы мындай жерлерге көзөмөл жүргүзүлдү. Учурда Ноокат району изилденип жатат. Өткөн айдын аягында Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына… Кененирээк…