Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө жыл сайын орточо 250-300 млн доллар бөлөт

Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө жыл сайын орточо 250-300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.   Анын айтымында, Кыргызстанда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2027-жылга туура келет. Сумма 500 миллион доллардан ашат.   Эки тараптуу өлкөлөрдүн ичинен эң ири… Кененирээк…

Каржы министрлиги быйыл каражатты негизинен билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлөт

Каржы министрлиги быйыл каражатты негизинен билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге мекеменин орун басары Руслан Татиков билдирди.   Маалыматка ылайык, бул жылы жаңы мектеп жана бала-бакчалар салынат жана буга чейин курулушу токтоп турган объекттер жанданат. Чиновник бул багытта жалпы канча акча сарпталарын тактаган… Кененирээк…

Базар-Коргондо аз камсыз 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Базар-Коргондо аз камсыз 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияттын демилгеси менен уюштурулду.   Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүчтөн турган наркы 1 миң 100 сомдук азык-түлүк баштыкчалары муктаж адамдарга берилди.

Бишкектеги Айт намазга 40 миңдей киши катышты

Бишкектеги Эски аянтка Орозо айт намазын окуу үчүн 40 миңдей киши чогулду.   «Кабар» агенттигинин маалыматына караганда, намаз башталганга чейин аалымдар жана муфтий Замир Ракиев куттуктап, баян айтты.   Ал эми майрамдык намаз саат 07:30да окулду.   Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.

Чаткалда ротация болуп келген кызматкерлерге кызматтык үйлөр курулууда

Чаткалда ротация болуп келген кызматкерлерге кызматтык үйлөр курулууда.   Райондук администрациядан билдиришкендей, турак жайлар Каныш-Кыя айылынын Таштак тилкесине салынып жатат жана беш корпустан турат.   Белгиленгендей, кызматтык үйлөр президенттин иш башкармалыгы тарабынан курулууда.