УКМК Москва районунун салыкчыларын кармады

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.   Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр А.Д.А. аттуу жарандан сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшкөн. «Москва районуна караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү… Кененирээк…

Бали аралынын бийлиги дагы туристтерден акча чогултууну көздөп жатат

Бали аралынын бийлиги дагы туристтерден акча чогултууну көздөп жатат.   Бул тууралуу индонезиялык маалымат каражаттар жазды. Туристтерден чогулган салык жаратылыш объектилерин калыбына келтирүүгө жана экосистеманы жакшыртууга жумшалат.   Учурда туристтик салыктын суммасы эсептелип жатат. Эске салсак, буга чейин Тайланд бийлиги эс алуучулардан салык чогултуу системасын… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы бала бакча пайда болот

Жалал-Абадда жаңы бала бакча пайда болот. Курулуш иштерине тендерди мэриянын капиталдык курулуш департаменти жарыялады. Бул максатта 49 миллион 622 миң сомдон ашык багытталат.   Күтүлгөндөй, имарат эки кабаттан туруп,  150 бөбөккө эсептелет.

Бишкектин дагы бир түйүнүндө жер астындагы таштанды челектери орнотулду

Бишкектин дагы бир түйүнүндө жер астындагы таштанды челектери орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, урналар Токтогул – Панфилов көчөлөр кесилишинде пайда болду.   Мындай таштанды челектеринин өзгөчөлүгү алардын калдыктарды жер алдында сактоосунда. Буга чейин мындай өзгөчө урналар ордо калаанын Раззаков – Токтогул көчөлөр кесилишинде орнотулган болчу.

Ошто Масалиев көчөсүнүн жолу оңдолот

Ош шаарынын тамтыгы чыгып бараткан борбордук Масалиев көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, аталган жолдун Раззаков (болжолдуу «Каныкей эне» сейил багы) менен Шамшиев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки бөлүгү оңдолот. Тагыраагы, асфальт төшөө, жол бордюрларын орнотуу, белги сызыктарын чийүү жумуштары жасалат.… Кененирээк…

Президенттик аппаратта прокуратура, сотту тескеген бөлүм башчы алмашты

Президент Садыр Жапаров өзүнүн администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаровду кызматтан алды. Анын ордунда Нурлан Сулайманкуловду дайындады. Расмий маалыматта бөлүм башчы эмне себептен алмашканы жазылган эмес. Апсатаров бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК)… Кененирээк…