Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларлык эки келишимге кол койду

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 миллион долларлык эки келишимге кол койду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоорлор «Турак жайды каржылоо» жана «Суусамыр—Талас—Тараз” жолун реконструкциялоого багытталган.   Кредиттик макулдашууга ылайык, муктаж жарандар арзан турак жай менен камсыздалып, Таластагы жолдун 92 чакырымдан ашыгы… Кененирээк…

Үч айда Кыргызстанда 35 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Ушул жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, өндүрүшкө кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, министрлик кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү менен алардын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү менен айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо жана кайра… Кененирээк…

Бишкекте дээрлик 2 миллион гүл отургузулат

Бишкекте дээрлик 2 миллион гүл отургузулат. Мэриянын маалыматына караганда, жазгы жоогазындардын ордун эми жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.   Учурда аларды отургузуу Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” гүлбакчасы, Курманжан Датканын эстелиги жана “Уркуя” гүлбакчасынын… Кененирээк…

Өлкөнүн 4 шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн өкмөт кредит алат

Министрлер кабинети Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан каражат алат. Сумма 18 миллион доллардан ашат, деп билдиришти Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен.   Маалыматка ылайык, акчанын бир бөлүгү насыяга, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Бул каражатка Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларын… Кененирээк…

Оштон Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт

Оштон Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт.   «Манас» эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, ата мекендик авиакомпания 22-майдан тарта Ош — Красноярск — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууну көздөөдө. Каттамдар жумасына 1 жолу аткарылат.   Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап… Кененирээк…

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын Штефан Таркович машыктырат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Кыргыз футбол бирлиги уюму билдиргендей, ал сунушталган 30 талапкердин ичинен тандалган.   50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ.   Эске салсак, Кыргызстандын «Ак Шумкар» командасын буга чейин машыктырган Александр Крестинин… Кененирээк…

Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театры пайдаланууга берилди

Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театры пайдаланууга берилди. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билиришкендей, аталган академиялык театр капиталдык оңдоодон өттү.   Аны реконструкциялоо иши 2021-жылы башталып, оңдоп түзөөнү коңшу Өзбекстан каржылаган.   Белгилеп кетсек, Бабур атындагы өзбек драма театры Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.

Бразилияда топ-модель өзүнүн жытынан атыр чыгарды

Бразилияда топ-модель өзүнүн жытынан атыр чыгарды. 29 жаштагы Ванесса Моура мындай кадамга жигитинин комплиментинен кийин барууну чечкен.   Атыр Fresh Goddes деп аталды. Ар бир флакон сегиз миллилитр мода моделинин жытын камтыйт.   Бразилиялыктын айтымында, анын атырынын афродизиак таасири бар.

Кыргызстанда балдардын 24 пайызы гана бала бакчага барат

Кыргызстанда балдардын 76 пайызы бала бакчага барбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, өлкөдөгү 1 миллион 200 миң баланын 24 пайызы гана, же 200 миңи бала бакчага барат. Калган 900 миң бала бакча менен камсыз болгон… Кененирээк…

Баткенде 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекеме Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан.   Курулуштун тендердик баасы 83 миллион сомдон ашат.   Эки кабаттуу объектти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.