Кочкорго Чакан ГЭС курулары кабарланды

Кочкорго Чакан ГЭС курулат. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул боюнча Кореядан келген делегация менен макулдашылды.   Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттин Ганвон-до Инже округунун жана Түштүк Кореянын Экология министрлигинин, экокорпорациясынын кызматкерлеринен турган топ Нарын облусунда ГЭС курула турган аймак менен таанышты.   Бирок гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу,… Кененирээк…

ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. ФИФАнын башчысынын сапары 4-5-майга белгиленген.   Бул Инфантинонун биздин өлкөгө биринчи сапары. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушат.   Алар биргеликте Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары пландалууда. Мындан тышкары, Кыргыз футбол бирлигинин… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде курулуш иштери актады:   Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түштүк тарабы; -Лев Толстой көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы; Салиева көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн №68,69 үйлөрдүн кире бериш… Кененирээк…

Жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, эреже бузгандарга айып салынууда

Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, үч жуманын ичинде эреже бузгандарга 237 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чара 3-апрелде башталган. «19-апрелге чейин Транспорт жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 30дай чакан ГЭС курулуп жатат

Кыргызстанда 30дай чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, мунун баары өнөр жай тармагында таза энергияны пайдаланууга шарт түзөт.   Белгилеп кетсек, соңку жылдары Бишкекти ыш каптаган күндөр көп боло баштады. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы… Кененирээк…

Баткенде пилоттук негизде “Тазалык” ишканасы ачылды

Баткенде пилоттук негизде “Тазалык” ишканасы ачылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан ишкананы ачууга жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн.   Белгиленгендей, айыл аймакта ар бир жаранга ай сайын таштанды үчүн 15 сом төлөм бекитилген.   Өзүн-өзү каржылоо багытында ачылган ишкана алдыда жумушчулардын… Кененирээк…

Баткенде 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имараты курулууда

Баткенде 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Кара-Булак айылында жайгашкан.   Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен дээрлик 22 миллион сом каралган. Тарыхчылар курулуш тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Ысык-Көлдө тигүү цехи ачылды

Ысык-Көлдө тигүү цехи ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Ананьево айылындагы ишкана 200 орунга ылайыкташкан.   Жеке ишкердин демилгесине облусту өнүктүрүү фонду 20 миллион сом бөлүп берген. Бул жерде тигилген аялдар жана эркектердин сырткы кийимдери Россияга экспорттоого багытталган.

Италиянын жээгиндеги Портофино шаарынын бийлиги селфиге тыюу салды

Италиянын жээгиндеги Портофино шаарынын бийлиги селфиге тыюу салды. Азырынча мындай эреже сүрөттөрүн көбүнчө социалдык тармактардан кездештирүүгө болгон кооз жерлерге тиешелүү.   Тыюуну бузган туристтерге 275 евро айып салынат.   Мындай чара шаардын тар көчөлөрүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн тыгынына каршы күрөшүү максатында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, бул… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ага ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Сүйөркулов, Тыныстанов, Ахунбаев, Медеров, Радищев, Толстой, Жукеев-Пудовкин, Элебаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө суу болбойт.