Жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Башмыйзам кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы бир күндүк акция өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, 4-май күнү өлкө аймактарында саат 10:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардам берилет: Бишкек шаары: «Ош»… Кененирээк…

Садыр Жапаров мамлекеттик визит менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын май айында Кытайга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган жолуккан. Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-апрелде Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай”… Кененирээк…

Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт

Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт.   Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан менен россиялык спортчунун кармашы Алматы шаарында өтөт. Алар 77 кг салмакта күч сынашат. Беттеш болжол менен түнкү саат 11де болот.   Белгилеп кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимп… Кененирээк…

«Баткен» аэропортун май айынын башында жандантуу пландалууда

«Баткен» аэропортун май айынын башында жандантуу пландалууда. Novosti.kgге «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришкендей, учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштери дээрлик аяктап калды.   Маалыматка ылайык, «Баткен» аба майданындагы аэродромду оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүргүзүлдү. Буга байланыштуу аталган аэропорт 1-апрелден… Кененирээк…

Шотландиянын тургуну адаттан тыш диетанын жардамы менен арыктай алды

Шотландиянын тургуну адаттан тыш диетанын жардамы менен арыктай алды.   Эркек эки ай бою фастфуд менен гана тамактанган. Ал күнүнө бургердин котлетин 16 даанага чейин жечү.   Шотландиялык мындай диетанын натыйжасында чыдамкай болуп, үч килограммга арыктап, жан дүйнөсү тынчтык тапты деп эсептейт. Бирок башкаларды андан… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 29-апрелге чейин Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Акшыйрак унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.   Бул жолдордо айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу керек.

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 29га жетти

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 29га жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алар өзүн өзү көрсөткөндөр.  Добуш берүүнүн өзү 28-майга белгиленди.   Боршайком кампаниянын жалпы сметасын 18,5 миллион сом деп эсептеген. Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке келген Жаныбек Абиров… Кененирээк…

Billboard басылмасынын версиясы боюнча жылдын мыкты аялы аталды

Billboard басылмасынын версиясы боюнча жылдын мыкты аялы аталды. Ал атактуу ырчы – Шакира. 46 жаштагы аткаруучу музыкалык индустрияга кошкон салымы үчүн сыйланат. Иш-чара 7-майда өтөт.   Басылмадан белгилешкендей, Шакира 95 миллион пластина сатып, дүйнөнүн эң популярдуу музыканты боло алды. андан тышкары, ал эң популярдуу латиноамерикалык… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага каттоого тура алат

Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага каттоого тура алат.   Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана биринчи медицина жардам берүү мекемелерине калкты бекитүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүп баштады.   Эми жашаган жерине карабай, бейтапканага каттоого туруу үчүн маалымкаттардын түрүн чогултуунун кереги жок, жеке идентификациялык номерди камтыган документти көрсөтүү… Кененирээк…

Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык куткаруучу, ӨКМдин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы мамлекеттик медалын тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.   Аны менен катар Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота ыйгарган. Маалыматка ылайык,… Кененирээк…