29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт

29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.   Бардык жарандар убакыттан пайдаланып кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырылат — деп айтылат маалыматта.

Боомдо төрт күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында 29-апрелде жана 2,3,4-майда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жумуштар эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин болот. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 28-29-апрель күндөрү жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, өчүрүү Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.   Мындан улам, Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында… Кененирээк…

Дүйнөдөгү биринчи фирмалык секонд-хенд Хельсинки аэропортунда ачылат

Дүйнөдөгү биринчи фирмалык секонд-хенд Хельсинки аэропортунда ачылат.   Дүкөндө акцент жогорку сапаттагы премиум-дизайнер кийимдерине жана аксессуарларга болот. Бутиктин сайтынан 5тен 700 еврого чейинки баадагы буюмдарды көрүүгө болот.   Хельсинки аэропортундагы секонд-хенд дүкөнүнүн ачылышы келе жаткан күзгө белгиленди.

WhatsAppта жаңы функция пайда болду

WhatsAppта жаңы функция пайда болду.   Колдонуучулар эми бир аккаунтту төрт телефондо колдоно алышат. Мунун аркасында кат алышуу ыңгайлуу болуп калат.   Мындан тышкары, аккаунттан чыкпай эле телефондорго которулуп, дароо смс жазышууну улантса болот.   Иштеп чыгуучулар белгилегендей, ар бир түзмөк WhatsAppка өзүнчө кошулат, андыктан… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.   Маалымтка ылайык, жакынкы сааттарда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.   Жогорку ылдамдыктагы шамал учурунда коопсуз жайларда болуу керек, — деп айтылат маалыматта.

Баткен – Боз-Адыр жолунда оңдоо иштери башталды

Ош – Баткен – Раззаков трассасынын бир бөлүгү болгон Баткен – Боз-Адыр жолунда оңдоо иштери башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, быйыл 12 чакырым жолду реконструкциялоо пландалууда.   Оңдоо иштери жайында бүтөт. Жер жумуштарынан кийин жол куруу нормаларына ылайык асфальт төшөө процесси башталат.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга ылайыктуу жерлер аныкталат

Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга ылайыктуу жерлер аныкталат.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул ишти атайын түзүлгөн комиссия жүргүзөт.   Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына келечектүү багыттар боюнча алдын ала маалымат даярдоо, ошондой эле комиссиянын аймактардагы иштерине ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

“Социалдык ипотека” программасы боюнча баштапкы төлөм болбойт

“Социалдык ипотека” программасы боюнча баштапкы төлөм болбойт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Амантур Оморов билдирди, деп маалымдайт Economist басылмасы.   Ага ылайык, беш жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жашы жете элек баласын атасы же энеси гана… Кененирээк…

Канат Бегалиев мамлекеттик мекемеге директор болду

2008-жылдагы Олимпиададан күмүш медаль алган спортчу Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Аталган мекеменин мурдагы жеткчиси Айбек Абдымомунов апрелдин башында Дене тарбия жана спорт департаментин жетектеп кеткен. Бегалиев азыр 39… Кененирээк…