Ош шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөт

Ош шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөт.   Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, 1-май түнкү саат 12ден 2-май түнкү саат 12ге чейин суу болбойт. Буга Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 1-этабынын алкагында учурдагы суу түтүктөрүн борбордук суу түтүктөрүнө кошуу жана оңдоо иштери себеп болууда.… Кененирээк…

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 7-14 май күндөрү өтөт.   Ага Кыргызстандын атынан алты спортчу барат. Алар: 1. Ханболот Ырысбеков, 60 кг; 2. Кубанычбек Айбек уулу, 66 кг; 3. Чыңгызхан Сагыналиев, 73 кг; 4.… Кененирээк…

Эртең Чүй пропектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата эртең Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт. Буга байланыштуу күндүзгү саат 4төн түнкү 12ге чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат, — деп билдиришти мэриядан.   Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы керек.

Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат

Колумбиялык ырчы Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат.   Аткаруучу Испаниянын салык органдарына каршы төрт кылмыш боюнча айыпталууда. Версияларга ылайык, ал 2012, 2013 жана 2014-жылдар үчүн киреше жана мүлк салыгы боюнча декларация тапшырган эмес.   Белгиленгендей, ырчы салык салынган акчаны… Кененирээк…

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда. “Манас” аэропортунан билдиришкендей, учактар ​​2-майдан тарта уча башташы күтүлүүдө.   Буга чейин Ысык-Көлдөн Москванын Шереметьево аэропортуна учактар ​​жумасына 2 жолу каттап турган.

ЖКга Ленин району боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.   БШКдан билдиришкендей, жалпысынан 40тан ашык арыз түштү. Алар 30-апрель, кечки саат 6га чейин документтердин толук пакетин тапшырышы керек.   Ошондон кийин гана талапкерлерди каттоо башталат.

Транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү жокко чыгарылды

Кыргызстанда транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү жокко чыгарылды.   Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, эми салык органдары транспорттун мамлекеттик каттоосунун маалыматтарына ылайык салыктын суммасын өз алдынча эсептешет. Ошол эле учурда, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же баланстык наркы жок транспорт каражатынын ээлери салык мыйзамдарына ылайык маалыматтык… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.   Кооптуу тилкелердин тизмесине Бишкек-Ош унаа жолундагы… Кененирээк…

Бишкекте жаңы гүлбакча пайда болот

Бишкектин Дорожный чолок көчөсүндө гүлбакча курулуп, Ак-Тилек көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы билдиргендей, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков архитектор, жергиликтүү тургундар жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.   Ошондой эле унаа тыгындарын азайтуу үчүн тургундар Витебская көчөсүн… Кененирээк…

Кыргызстанда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭС курулууда

Кыргызстанда учурда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.   Курулуп жаткан ири ГЭСтердин катарына Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Куланак ГЭСи кирет. Маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 чакан гидроэлектрстанция ишке кирет.   Президенттин администрациясынан кошумчалашкандай,… Кененирээк…