Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды

Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.   Парламент жыйынында айрым депутаттар өлкөдө блогерлердин иштөө тартибин аныктаган мыйзам керек экенин билдиришти. Алар соңку учурларда айрым блогерлердин аракети аша чаап жатканын айтышты.   Ошондой эле журналисттер менен алардын айрымасын так жазуу керектиги боюнча маселе көтөрүлдү. Белгилеп… Кененирээк…

Суучулдар эки айда Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашык таштанды алып чыкты

Суучулдар ушул жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 66 күндүн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, суу астынан 5 тонна 470 кг таштанды терилди.    

Бизнесмен Илон Маск адамдын мээсине импланттарды сыноого уруксат алды

Америкалык бизнесмен Илон Маск адамдын мээсине импланттарды сыноого уруксат алды. Эми мээнин активдүүлүгүн компьютерге туташтырып байкоо салса болот.   Ойлоп табуучулар көзү көрбөй же кыймылдай албай калган адамдар атайын чиптердин жардамы менен кадимки жашоого кайтып келе алат деп үмүттөнүшүүдө. Нейрочиптер мээнин сигналын Bluetooth аркылуу өткөрүп,… Кененирээк…

Кытайда өтө турган XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 180дей спортчу катышат

Кытайда өтө турган 19-жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 180дей спортчу катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов билдирди.   Анын айтымында, аталган оюндар 23-сентябрдан 8-октябрга чейин коңшу өлкөнүн Ханчжоу шаарында өтөт. Программага жалпы 40 спорттун түрү боюнча мелдештер киргизилген. Анын ичинде Кыргызстан 26 түрүнөн… Кененирээк…

Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 млн евро жумшалышы мүмкүн

Чүйдөгү Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 миллион евро жумшалышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент экинчи окууда кабыл алды.   Маалыматка ылайык, каражат Кыргызстан менен Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун негизинде берилет. Ага ылайык, 9 миллион еврого жакыны кредит, 5 миллион… Кененирээк…

Кеминдеги Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылы таза суу менен толук камсыз болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 30-майда аталган айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун салтанаттуу ачылышы болуп, 2 миң 163 айыл тургуну таза суу менен… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды. Ага президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.   Тагыраагы, кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.   Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар… Кененирээк…

“Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталат

“Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, экологиялык шаардын долбоору даяр болду, 30-июнда курулушка капсула салынат.   Ал толугу менен чет элдик инвесторлордун каражатына тургузулат, — деди Жапаров. Эске салсак, жалпы аянты  4 миң гектарды түзгөн шаар Ысык-Көлдүн… Кененирээк…

Эртеңден тарта Кыргызстандын аймактарындагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт

Эртеңден тарта Кыргызстандын аймактарындагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Жаңы графикке ылайык кабылдамалар эртең мененки саат 8ден кечки 9га чейин түшкү тыныгуусуз иштейт. Бул өзгөрүүлөр калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды оңой алуу жана анын сапаты… Кененирээк…

Россияда мобилизациядан качкандар жети жылга чейин соттолду

Россиянын Калининград облустук соту мобилизациядан качкан сегиз адамдын ичинен экөөнү 7 жылга, төртөөнү 6,5 жылга, калган экөөнү 6 жылга эркинен ажыратты.   «Север.Реалии» жазганына караганда, сегиз адамга кылмыш иши январь айында козголгон. Алар Украинанын Луганск облусунун Россия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү лагерден качкан деп айыпталган.   Аскерлердин… Кененирээк…