Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн, эртең жана 4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт жолдун бир тилкеси… Кененирээк…

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, салык органдары бүгүн декларацияны түнкү саат 12ге чейин кабыл алат.   Жеке ишкерлер документти электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз түрүндө тапшырса болот.   Декларация тапшырбагандар айыпка жыгылат.

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолун оңдоо иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун биринчи бөлүгүн оңдоо иштери келерки жылдын ноябрында бүтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, трассанын жалпы узундугу 141 чакырымдан ашат. Учурда бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол курулууда.

Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат

Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат. Президенттик администрациядан билдиришкендей, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.   Ал эми азыркы аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу пландалууда. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирди

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирди. Эми калк үчүн жарыктын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.   Электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2 сом 16 тыйын болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып,… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.   Мэриянын маалыматына караганда, саат 10дон түнкү 11ге чейин Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондору, Көк-Жар конушу менен чектешкен аймакта суу болбойт. Мунун себеби 11-кичирайондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.  … Кененирээк…

Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү

Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, авиакаттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.