Бишкектин быйылкы бюджети бекитилди

Бишкек шаарынын бул жылдагы бюджети 22,9 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары документти кабыл алды. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 миллиард 390 миллион сом деп болжолдонду. Дагы 3,8 миллиард сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Өткөн жылы шаар бюджети… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, 6-майга чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында -2…-4 градуска чейин үшүк жүрөт.   Аба-ырайынын мындай шарттары жазгы айдоо иштерине, мал жаюуга жана транспорттун ишине тоскоолдук жаратат.

Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечимди жергиликтүү администрация кабыл алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   2-майда тоолуу райондорго кар жаап, Арпа өрөөнүндөгү кыштоодо 5 үй-бүлө ири сандагы малы менен калып калган. Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү… Кененирээк…

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунунун курулушу 1-июнга чейин жыйынтыкталат

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунунун курулушу 1-июнга чейин жыйынтыкталат.   Буга Унаа жана жолдор министрлигинен ишендиришти. Маалыматка ылайык, туристтик сезондун башталышына карата трассанын бир тарабын кыймылга ачуу тапшырмасы берилди.   Учурда иштер анын Сары-Камыш айылынан Тору-Айгырга чейинки тилкесинде жүрүп жатат. Ал эми жолдун… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылап иштеп чыгууга 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылап иштеп чыгууга 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, негиздеме 2014-жылы 2 миллиард 800 миллион долларга жасалган. Бирок убакыт өтүп кеткендиктен, учурда аны жаңылоо зарылчылыгы келип чыкты.  … Кененирээк…

Быйыл өлкө боюнча 53 миллион 824 миң  сомдук битир-садага чогулду

Быйыл өлкө боюнча 53 миллион 824 миң  сомдук битир-садага чогулду. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге берилген.   15 пайыздан хатибияттарга жана казыяттарга бөлүнсө, калган 10 пайызы муфтият тарабынан муктаждарга таратылды. Жалпысынан быйыл битир-садага деп 42 миллион сом чогулган.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул айда бензиндин баасы 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ушул айда бензиндин баасы 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.   Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт.   Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан… Кененирээк…

1-июлдан тарта унаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айыпка тартылат

1-июлдан тарта унаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айыпка тартылат. Ошондой эле, башка өлкөдө катталган машинелер   1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек деген тизмеге кошулду, — деп билдирди Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров.   Анын айтымында, жол инспекторлорго… Кененирээк…

Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда колдоо тапты

Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда колдоо тапты.   Демилгечи, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдиргендей, Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен Россияга ID-карт менен кире алышат.  … Кененирээк…

Кийинки дем алышта Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону өтөт

Ысык-Көлдө 13-май күнү Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Ага ондогон мамлекетттен жөө күлүктөр келери күтүлүүдө. Старт жана финиш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Спортчулар тандаган категория боюнча 42, 21, 10 жана 3… Кененирээк…