Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот

Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мындай тапшырманы министр Тилек Текебаев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында берген. «Азыркы тапта ашууда кар жатат. Күн жылып, кар кетери менен жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Кызыл-Кыя ашуусунун жолу – 15… Кененирээк…

Быйыл дүйнөнүн эң кирешелүү спортчусу деп португалиялык футболчу Криштиану Роналду аталды

Быйыл дүйнөнүн эң кирешелүү спортчусу деп португалиялык футболчу Криштиану Роналду аталды. Forbes басылмасынын рейтингинде ал өткөн жылдын лидери Лионель Мессини артта калтырды.   Соңку 12 айда Роналду 136 миллион доллар тапты. Бул суммага анын “Манчестер Юнайтед” жана “Аль-Наср” клубдарындагы айлыктары кирет.   Ошондой эле ар… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолундагы Көлбаев атындагы туннель ушул жылы оңдолот

Бишкек – Ош жолундагы Көлбаев атындагы туннель ушул жылы оңдолот.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, калыбына келтирүү иштери Төө-Ашууда аба-ырайы турукташкандан кийин дароо башталат. Эске салсак, туннель 1962-жылы курулган. Ал Төө-Ашууда 3 миң 200 метр бийииктикте жайгашкан.  … Кененирээк…

Ордо калаада электр самокаттар үчүн токтотуучу жайларга белгилер түшүрүлүп баштады

Ордо калаада электр самокаттар үчүн токтотуучу жайларга белгилер түшүрүлүп баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, адистерге ошондой эле ижараны аяктоо аймактарын белгилөө тапшырмасы берилди.   Алар кызгылт-сары Р тамгасы түрүндө белгиленди. Шаар бийлиги электр самокаттарын ижарага берүүчүлөрдү, аларды колдонгондорду коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Кыргызстандын ички карызы дагы рекорд коюп, 96 миллиард сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына карата (Финансы министрлигинин акыркы маалыматы) мамлекеттик ички карыздын көлөмү 96 миллиард 554,7 миллион сомду түздү. Ачык булактардагы маалымат боюнча, бул өлкө тарыхындагы рекорддук көлөм. Буга чейинки рекорд январдын аягында катталып, 95 миллиард 660,5 миллион сом болуп, башкача айтканда, 900 миллионго… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу 22-майда бир айга өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 22-майда бир айга өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.   Жыл сайын  жылуулук тармактарын оңдоо жана кийинки жылуулук сезонуна даярдоо иштерине байланыштуу май айында ысык сууну берүү бир айга токтотулат.

Баткенде кыргыз жана өзбек район башчылары жолугушту

Кыргызстандын «Өтүкчү», Өзбекстандын «Тул» чек ара бекетинде Кыргызстандын Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Кыргызстандык делегацияны Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеп барды. Жолугушууда тараптар чектеш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын… Кененирээк…

ДССУ өзгөчө кырдаал аяктаганын жарыялады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 вирусу жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирди. Мындай чечим 5-майда кабыл алынды.   Кытайда 2019-жылдын аягында башталган мурда белгисиз коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан улам 2020-жылдын январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.   Эпидемия дүйнөгө жайылгандан… Кененирээк…