Бишкек-Балыкчы жолунун жээгиндеги өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балкчы жолунун жээгинде 7-майда тутунган өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылганын билдирди. Ага ылайык, 8-майда таң эрте кырсык болгон жерге Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн беш куткаруучу, райондук токой чарбасынан төрт кызматкер жана Көк-Мойнок айылынан үч адам тартылды.   Жекшембиде кечинде «Балыкчы»… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафону өтөт

Ысык-Көлдө 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафону өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, ага ондогон мамлекеттен жөө күлүктөр келет.   Старт жана финиш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жайгашат.  Спортчулар 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркайт. Run the Silk road эл аралык… Кененирээк…

Бишкекте эртең, Жеңиш күнүнө карата борбордук көчөлөр тосулат

Бишкекте эртең, Жеңиш күнүнө карата борбордук көчөлөр тосулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   “Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу эртең мененки саат 8ден 11ге чейин Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев – Фрунзе тилкеси, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Ибраимовго чейинки бөлүгү жана Чүй проспектисинин Тоголок Молдо… Кененирээк…

Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого үгүт жүргүзүү бүгүн башталды

Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого үгүт жүргүзүү бүгүн башталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан белгилешкендей, 6-майда бюллетендеги катар номерлерди аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү.   Жалпысынан шайлоодо 32 талапкер ат салышат. Добуш берүү  28-майда өтөт.   Мекемеден тышкары шайлоо 27-майда болот. Ал эми… Кененирээк…

Ржев шаарында кыргызстандык аскерлерге арналган мемориал ачылды

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Ржев шаарында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Иш-чарага Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин дагы катышты. «Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, ЖРТнын биринчи этабы 20-21-майда, экинчиси 23-24-майда өтсө, акыркысы 23-24-июнда өтөт. Республика боюнча жалпысынан 117 тест борбору уюштурулат. Эске салсак, жогорку окуу жайларга… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет.   Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан. 10-майдан 13-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан 3кө чейин маал-маалы менен жабылып… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет. Бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, согуштун катышуучуларына, согуш майыптарына, тыл эмгекчилерине жана Ленинград блокадачыларына каржылык жардам берилет. 100 миң сомдон тышкары, 9-майда дагы ар бир… Кененирээк…

Коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-25-жылдарга карата стратегиялык иш-аракеттер планы иштелип чыкты

Коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-25-жылдарга карата стратегиялык иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.   Максаты — коммерциялык уюмдарда башкаруу процессинин айкындуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, ишкерликти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү.   Бийлик мындай жол… Кененирээк…

Бишкектин Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына  32 жаран ат салышмай болду

Бишкектин Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына  32 жаран ат салышмай болду. Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийинки  маалымат менен Борбордук шайлоо комиссиясы бөлуштү.   Жогорку Кеңештин депутаты болууга камдангандардын 27си эркек, бешөө аял. 11 жаран өзүнүн талапкерлигин кайра алып салган.   Ал эми алтоону БШК тийиштүү… Кененирээк…