Лихтенштейндин бийлиги мамлекеттик кызматтарды биткоиндер менен төлөөгө уруксат берет

Лихтенштейндин бийлиги мамлекеттик кызматтарды биткоиндер менен төлөөгө уруксат берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Даниэль Риш билдирди.   Азырынча жаңы төлөм системасы качан ишке кире турганы белгисиз. Биткоиндер өлкөнүн валютасына автоматтык түрдө которулуп, кабыл алынат.  Мындай схема учурда Швейцариянын Цуг жана Лугано шаарларында киргизилди. Бул жерде… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат

Өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат. Салтанаттуу линейка эртең мененки саат 9да башталат.   Билим берүү министрлигинен такташкандай, бул күнү кафе-ресторандарда, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда жана мектеп имаратында майрамдоого тыюу салынат.   Буйрукту аткарбагандар аныкталса, катуу чара көрүлөт.

Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды

Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 миң 671 шайлоочу добуш бере алат.   Боршайкомдун маалыматына ылайык, жарандар өздөрүнүн бар-жоктугун “Тизме” мамлекеттик порталынан текшере алат.   Андан өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку… Кененирээк…

Россиядагы эң ири бургер Анапа шаарында даярдалды

Россиядагы эң ири бургер Анапа шаарында даярдалды. Гриль-фестивалында жасалган азыктын салмагы 759 килограмм, ал эми бийиктиги 77 сантиметр болсо, туурасы 154 сантиметрди түздү.   Мындай көлөмдөгү бурген Гиннес рекорддор китебине катталды. Анын курамына нан, салат жалбырактары, котлет, сыр, помидор жана туздалган бадыраң кирет.

Өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатынан тышкары иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатынан тышкары иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койду.   Андан тышкары, бүтүрүү кечесин өткөрүүгө ата-энелерден акча чогултууга бөгөт коюлду. “Акыркы коңгуроону” өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.   Белгилеп… Кененирээк…

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт. Улуттук банктан билдиришкендей,  200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталар бүгүнтөн тарта жүгүртүүгө чыгарылат.   Эми банктар аларга ылайыктап терминалдардын жана банкоматтардын системасын дагы жаңыртууга киришет.   Буга убакыт талап кылынат.… Кененирээк…

Месси Сауд Арабия клубуна өтүп калса, айлыгы жылына 500 миллион еврого чейин жетет

Месси Сауд Арабия клубуна өтүп калса, айлыгы жылына 500 миллион еврого чейин жетет. Буга чейин аргентиналык футболчунун ПСЖдан араб клубуна которула тургандыгы боюнча тема жабылганы айтылган.   Бирок учурда ММКларда кошумча маалыматтар тарап жатат: Месси трансферге оозеки макулдугун берди, азырынча документтерге кол коюла элек.  … Кененирээк…

Бишкекте Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды

Бишкекте Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды. Кеп анын Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти мэриядан.   Бул жерде жолдун катмары жаңыртылып, тротуар оңдолуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот.   Туризм департаментинин маалыматына ылайык, бул күнгө Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык көргөзмөсү белгиленди.   Каалоочулар Рух Ордо маданий борборунда туристтик компаниялардын, пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн товарлары,  кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмө-жарманкенин максаты – туризм тармагын… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы 800 метрлик транзиттик тилкеде Казакстан инженердик тосмолорду орнотуп алды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы 800 метрлик транзиттик тилкеде Казакстан инженердик тосмолорду орнотуп алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Казакстан аймагына кирген май куюу станциясына кыргызстандыктар жана башка өлкөнүн жарандары кире албайт. А бирок транзиттик жолдун тилкеси кыймылга ачык, —… Кененирээк…