Улуу Британияда өзгөчө вакансия пайда болду

Улуу Британияда өзгөчө вакансия пайда болду. Кымбат яхталарды саткан компания жаңы үлгүлөрдү сынай турган кызматкерди издеп жатат. Ал яхтада бир жума өткөрүп, ар бир деталды жогорку талаптарга жооп беришин текшерип чыгышы керек болот.   Ар бир яхта үчүн кызматкер 1 миң 300 доллар алат.

Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, Биринчи май районунда мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү алынып жатат. Темир жол бекетинин айланасындагы курулуштар түрттүрүлүп, бул жерде жаңы сквер түзүү пландалууда.   Ошондой эле 1920-жылдары курулуп, архитектуралык объект болуп калган аялдама калыбына келтирилет.

Жогорку Кеңеш Бахрейн, Ливан, Мальдив жана Бириккен Араб Эмираттары менен визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо 3 окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Бахрейн, Ливан, Мальдив жана Бириккен Араб Эмираттары менен визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо 3 окууда жактырды.   Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин айтымында, аталган өлкөлөр менен визасыз режим бардык кыргызстандыктарга тиешелүү эмес.   Алсак, Бахрейн жана Ливанга дипломаттык, кызматтык… Кененирээк…

Россияга кирген мигранттардын саны 1,5 эсеге көбөйдү

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Орусияга 631 миңдей өзбекстандык мигрант кирген. Мындай маалыматты Россиянын Федералдык коопсуздук кызматына таянып «Ведомости» басылмасы жазды.   Андагы маалыматка караганда, 2023-жылдын алгачкы үч айында Россияга жалпы 1 млн. 300 миң эмгек мигранты кирген. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 1,5 эсеге… Кененирээк…

Бишкекте 15 күндө кенелерден 200 адам жабыркады

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Бишкектин санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, 15 күндө эле 200 адам аталган курттардан жабыркап медицина кызматкерлерине жардамга кайрылды.   Кенелер Чүй облусунун чектеш аймактарында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар өзгөчө этият болушу керек. Кене жабышса, аны өз алдынча суурубай, дарыгерлерге кайрылуу… Кененирээк…

Бишкекте өз билемдик менен басып алынган жерлерге 10,5 миңден ашык техникалык паспорт берилди

Бишкекте өз билемдик менен басып алынган жерлерге 10,5 миңден ашык техникалык паспорт берилди. Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, техникалык паспорт берүү жер тилкеси мыйзамдаштырылды дегенди билдирбейт, анда турак жай тууралуу техникалык маалымат гана чогултулат.   Ошондой эле өзү билемдик менен үй курулган участоктордун баары эле мыйзамдаштырылбай… Кененирээк…

ТИМ кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Пакистанга барбай турууга чакырды. Ал эми ал өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын көрүүгө үндөдү. ТИМдин билдирүүсүндө, Пакистандагы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат азырынча жок. Кандайдыр бир зарылчылык болгон учурда жарандар… Кененирээк…

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жанданды

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жанданды. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, россиялык авиакомпаниянын учактары Ысык-Көл жээгине жумасына 3 жолу конот – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү.   Аталган каттам 2-майдан тарта туристтик сезондун аягына чейин үзгүлтүксүз аткарылат.

Ош облусунда быйыл “социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2 миң   612 адам 100 миң сомдон алды

Ош облусунда быйыл “социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2 миң   612 адам 100 миң сомдон алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев билдирди.   Анын айтымында, каржылык колдоо алгандар мал чарбачылыгы, кийим тигүү, соода, дыйканчылык жана тейлөө багытындагы чакан ишкерлик жүргүзүп жатат.  … Кененирээк…

Конституциялык сот шайлоо күрөөсүнүн көптүгү жөнүндө арызды карайт

Конституциялык сот «Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү арызды өндүрүшкө кабыл алынды. Анда сотко Жакшылык Кадыров аттуу адам кайрылганы белгилүү болду. «Шайлоо тууралуу мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын… Кененирээк…