Ошто жашыруун иштеген кумаркана жабылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Ош шаарында жашыруун иштеп келген кумаркана аныкталып, ишине бөгөт коюлганын 12-майда кабарлады.   Маалыматка ылайык, кумарканадан 327 миң сом жана 16 компьютер алынган. Кумаркананын жетекчиси Ж.А. аттуу жарандын жанынан 597 200 сом, 4 800 доллары, 4… Кененирээк…

Лейлекте жаңы спорткомплекс пайда болот

Лейлекте жаңы спорткомплекс пайда болот. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Ага ылайык, объект Лейлек районундагы Мурас айылында жайгашат.   Курулушка 28 миллион сомдон ашык жумшалат деп пландалууда. Сынакка арыздар 26-майга чейин кабыл алынат.

“Социалдык келишим” 9,5 миң адам менен түзүлдү

“Социалдык келишим” 9,5 миң адам менен түзүлдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, быйыл жалпысынан программа менен 10 миң адам камтылат деп пландалган. 100 миң сомдон ала тургандарды тандоо эки айлампа менен өтөт.   Биринчиси айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде болсо, андан кийин акимдин… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал

Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.   Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырат. Унааларды бак-дарактардын алдына токтотпой, жеңил конструкциялардын жанынан өтпөш керек,… Кененирээк…

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты дээрлик 1 миң 900 чарчы метрди түзүп, 180 бөбөккө чакталат. Учурда сырткы жасалгоо, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, буу казандар курулуп жатат.   Бала бакчада уктоочу бөлмөлөр, оюн аянттары,… Кененирээк…

Март айында Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы дээрлик 1,5 эсе өстү

Март айында Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы дээрлик 1,5 эсе өстү.   Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Жаздын биринчи айында физикалык жактар башка мамлекеттерге 42 миллион 200 миң доллар которду.   Каражаттын басымдуу бөлүгү Россияга жөнөтүлгөн – 36,6 миллион доллар, ал эми Түркияга   4,4 миллион… Кененирээк…

Көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын мекемелер аралык комиссия текшерет

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын жер титирөөгө туруштук берип-бере албасын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, мындай чечим «өлкөдөгү акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды».… Кененирээк…

Лионель Месси эми ПСЖ үчүн ойнобойт

Лионель Месси эми ПСЖ үчүн ойнобойт. Бул анын француз клубундагы акыркы сезону,  деп жергиликтүү басылмалар жазышты. Аргентиналык оюнчу Сауд Арабияга которулат деген божомолдор тарап жатат.   Анын жакындарынын айтымында, Месси “Аль-Хиляль” клубунун сунушун кабыл алды. Муну менен дайымкы атаандаштар Криштиану Роналду менен Лионель Месси кайрадан… Кененирээк…

Россия куруп бере турган мектептер 2025-жылы ачылат деп пландалууда

Россия куруп бере турган мектептер 2025-жылы ачылат деп пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууга кол койду.   Ага ылайык, Россия биздин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында 9 билим берүү мекемесин куруп берет. Алардын ар бири 1 миң 200… Кененирээк…

Кызылча, кызамык менен ооругандар үч жүздөн ашты

Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар быйыл жыл башынан бери 313кө жеткенин бүгүн 12-майда «Азаттыкка» Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Алардын көбү (158) Ош облусунда.   Былтыр бул оору менен бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган. Ал эми кызамык (краснуха)… Кененирээк…