УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

13-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун Бишкектеги жаңы имараты президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.   Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган.… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды

Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылуу аземге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ата-энелер катышты.   «Ийгиликтүү бала” атындагы бала бакча 70 орунга ылайыкташып, жеткинчектерге төрт тилде билим берет. Белгилей кетсек, Жалал-Абад… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан.   15-майдан 19-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан 3кө чейин маал-маалы менен жабылып… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы эл аралык марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Марафонго 20дан ашык өлкөдөн 3000дөй адам катышты. Ошондой эле Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар… Кененирээк…

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенттигине ат салышат

Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП) азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары көрсөттү. Ал шайлоодо ат салыша турган төртүнчү талапкер болгонун Sputnik Өзбекстан жазды. Маалыматта бул тууралуу УзЛиДеПтин жыйынында белгилүү болгону айтылат. Мирзиёевге чейин Экологиялык партия Абдушүкүр Хамзаевди, Элдик-демократиялык партия Улугбек Иноятовду, «Адолат» социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудованы… Кененирээк…

Кочкор-Атада 40тан ашуун окуучу ууланган мектеп карантинге жабылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы 40тан ашык окуучу ууланган №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектеп карантинге жабылды. Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айсулуу Абдрасулова мектепте 2-3 күн тазалоо иштери жүргүзүлөрүн «Азаттыкка» билдирди. 11-майда аталган мектептеги 6-7-8-класстардын, жалпысынан 42 окуучу өздөрүн жаман сезип,… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу коло медал утту

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медал утту. Ал 12-майда мелдештин жарым финалында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешти. Таймаш 1-раунддан кийин дарыгерлер тарабынан токтотулуп, жеңиш өзбекстандык мушкерге ыйгарылды. Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпионатында байге алган үчүнчү кыргызстандык жана Кыргызстанлын… Кененирээк…

Англиянын футбол журналисттеринин ассоциациясы АПЛдын мыкты футболчусун аныктады

Англиянын футбол журналисттеринин ассоциациясы АПЛдын мыкты футболчусун аныктады.   Ал “Манчестер Ситинин” норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд. 22 жаштагы оюнчу добуштардын 82 пайызын топтоп, Англия премьер-лигасынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жете алды.   Экинчи сапта “Арсеналдын” оюнчусу Букайо Сака турат. Мыктылардын үчилтигин жарым коргоочу Мартин Эдегор бекитет.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 миң 501 сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 миң 501 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 9 пайызга же 688 сомго көп.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул азык-түлүккө болгон баа дайыма өскөнүнө байланыштуу. Жашоо минимуму учурга карата эң көп Жалал-Абадда, айына… Кененирээк…

Кыргызстан быйыл Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттойт

Кыргызстан быйыл Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттойт.   Россия жана Түркмөнстандан өлкө биринчи ирет электр энергиясын сатып алат, — деп билдирди Улуттук энергохолдингдин башчысы Талайбек Байгазиев.   Анын айтымында, жыл сайын ички керектөө өсүп жатат. Эгер 2022-жылы ал 16 миллиард… Кененирээк…