Төрт жашар бала эң жаш жазуучу катары Гиннестин рекорддор китебине кирди

Бириккен Араб Эмираттарында төрт жашар бала дүйнөдөгү эң жаш жазуучу катары Гиннестин рекорддор китебине кирди.   Саид Рашид аль Мехри 1 миңден ашуун нускада басылып, сатылган жомок жазган.   Ага боорукердик жана достук жөнүндө китеп жазууга рекордсмен улуу эжеси түрткү болгон. Ал да сегиз жашында… Кененирээк…

Кыргызстан алтындын запасын көбөйттү

Кыргызстан 16 тоннадан ашык алтындын запасына ээ жана алтын-валюта запастары боюнча баалуу металлга ээ болгон ТОП-100 өлкөнүн катарында дүйнөдө 67-орунда турат. Мындай маалыматтарды Дүйнөлүк алтын кеңеши берди.   Улуттук банктын алтын-валюта резервинин түзүмүндө баалуу металлдын үлүшү 36 пайызды түзөт. Өткөн жылдын ортосунда бул көрсөткүч 22,5… Кененирээк…

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга 12-июнда жөнөп кетет

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга 12-июнда жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 адам болот, аларды 15 башчы коштоп барат. Ал эми акыркы топ Сауд Аравияга 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча кетет. Алардын саламаттыгына 20 дарыгер… Кененирээк…

Быйыл Нарын облусунда жалпы 103,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Быйылкы жылы Нарын облусунда жалпы 103,5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен капиталдык салымдар беренесинен 50,9 чакырым, титулдук тизмеден 34 чакырым жана демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.   «Учурда жумуштар башталып, Нарын шаарынын… Кененирээк…

Бишкектин айрым райондорунда 18-майда суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 18-майда суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.   Мунун себеби Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу.… Кененирээк…

Садыр Жапаров ушул жумада мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Садыр Жапаров 18-20-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге таянып мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.   Белгиленгендей, Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселе… Кененирээк…

Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын ээси боло алат

Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын ээси боло алат. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.   Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жана эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигацияларды… Кененирээк…

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант берет. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Аталган өлкө 5 миллион доллардан ашык каражатты кайтарымсыз негизде берүүгө даяр. Бул суммага ошондой эле 53 даана атайын техника сатып алып, асфальт чыгаруучу завод куруу пландалууда. Анын… Кененирээк…

Фон режиминде жаңырган музыка стресстен арылтып, окуу процессин жеңилдетет

Фон режиминде жаңырган музыка стресстен арылтып, окуу процессин жеңилдетет. Финляндия университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык,  36 болочоктогу стоматолог студенттер окуп, практика өтүп жатканда акырын жана жай жаңырган музыка коюлган.   Андан кийин алар толук тынчтыкта дагы иштеп көргөн.   Жыйынтыгында, музыка стрессти, тынчызданууну азайтып, окууга жана… Кененирээк…

Чүй облусунда 8 гектар жерге ири мал базар ачылат

Чүй облусунда 8 гектар жерге ири мал базар ачылат. Долбоорго ылайык, бүтүндөй комплекс курулуп, анда санитардык жана ветеринардык өткөрүү түйүндөрү, малды жүктөө жана түшүрүү эстакадалары, 700 унаага парковка орун алат.   Жалпысынан соода аянты 700 баш малга эсептелет. Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда                  36 мал… Кененирээк…