Террорчулукка шектүү адамды кармоо учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу

Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды жок кылуу учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Жабырлануучунун сол санына ок тийип, Улуттук госпиталга жеткирилген. Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда.   Атайын операциянын жүрүшүндө эки күч… Кененирээк…

Аймактарда финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өтөт

Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй областтарынын жаштары жана калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар уюштурулат. Бул тууралуу  Улуттук банктан билдиришти.   Семинар 22-майдан 7-июнга чейинки аралыкта ЕККУнун финансылык колдоосу менен өтөт.   Кошумча маалымат www.finsabat.kg сайтында берилет. Бардык суроолор боюнча 0312… Кененирээк…

Бишкекте үйлөрдүн фасаддарын оңдоо уланууда

Бишкекте үйлөрдүн фасаддарын оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси, демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен Чүй проспектиси, 26 дарегинде жайгашкан үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады. Фасадды калыбына келтирүү, атайын топурак аралашмалары менен иштетип, дубалдарды эки катмар кылып сырдоо иштери жүргүзүлдү.… Кененирээк…

Жалал-Абадда арзан баада азык-түлүк сатылууда

Жалал-Абад шаарында арзан баада азык-түлүк сатылууда. Мэриядан билдиришкендей, шаардагы муниципалдык базарда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан өсүмдүк майынын беш литри 460 сомдон, кумшекердин кг 70 сомдон сатылып жатат.   “Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча барып, арзан баада май жана ун алсаңыз болот”, — деп айтылат… Кененирээк…

Быйыл Баткен облусу боюнча 53 чакырым жол оңдолот

Быйыл Баткен облусу боюнча жалпы 53 чакырым жол оңдолот. Анын 27,4 чакырымына асфальт төшөлөт деп билдиришти президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн.   Маалыматка ылайык, жолдорду курууга мамлекет тарабынан 190 млн сом каралган, 2023-жылга 65,2 млн сом бөлүнгөн.   Учурда Баткен районунун Чоң-Талаа – Баткен – Кара-Бак автожолунун… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эртеңден тарта 20-майга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.… Кененирээк…

Арнольд Шварценеггер мындан ары “Терминатордун” ролун ойнобойт

Голливуд актёру Арнольд Шварценеггер мындан ары “Терминатордун” ролун ойнобойт. Артист бул долбоорго катышууну аяктаганын белгиледи.   Анын пикиринде, франшиза дагы өнүксө болот, ал эми кимдир-бирөө жакшы идеяны ойлоп табышы керек.   Эске салсак, “Терминатор” киноэпопеясынын биринчи бөлүгү экранга 39 жыл мурун чыккан. Учурда алты тасма… Кененирээк…

Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү компенсация изилденет

Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү компенсация изилденет. Тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров бергенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Ага ылайык, кенемтенин суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу айтылды.   Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстандын акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды

Кыргызстандын акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды. Аны Жогорку Кеңештин 48 депутаты колдоду.   Ал эми бул кызматка ат салышкан дагы бир талапкер, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков 20 добуш алды.   Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы парламент 3-майдагы жыйынында бир… Кененирээк…

Telegram мессенджеринде кыргыз тилин үйрөнүүгө жардам берген онлайн-бот ишке кирди

Telegram мессенджеринде кыргыз тилин үйрөнүүгө жардам берген онлайн-бот ишке кирди. Ал Константин Юдахиндин орус-кыргыз сөздүгүнүн негизинде түзүлгөн. Аны менен колдонуу оңой эле – ага керектүү сөздү жазса эле котормосу чыгат.   Пайдалуу ботту программист Калыс Осмонов тартуулады. Tiligram колдонуучулар үчүн акысыз, аны менен тайпа ичинде… Кененирээк…