Эверестти дагы бир кыргызстандык багындырды

Эверестти дагы бир кыргызстандык багындырды. Ишкер Кадыр Сайдилкан кечээ аталган чокунун эң бийик жерине чыкканын анын жакындары Интернетке жазды.   Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөтүндө Сайдилкан калпак кийип, Кыргызстандын туусун жана Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун китебин кармап турганын көрүүгө болот.   Эске салсак, Эверест чокусун… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында 25тей документке кол коюлду

Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында 25тей документке кол коюлду.   Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын ичинде Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планы, айыл чарба багытында кызматташуу, Ысык-Көл облусунда 1 миң мегаваттык күн электр станциясын… Кененирээк…

Алайда жер көчкү кооптуулугу бар аймактар изилденүүдө

Ош облусу боюнча жалпы 470тей жер калктуу конуштарга кооптуулук жаратат, анын ичинен 94ү Алай районунда катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда адистер аталган райондо жер көчкүлөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ Алай районундагы Куш-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип,… Кененирээк…

Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, жумуштар трассанын 132-чакырымында 22-25-май күндөрү аткарылат.   Мындан улам, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун тиешелүү тилкеси эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Ош мэриясы Сулайман-Тоого асма жолчо салынбай турганын билдирди

Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулбайт. Мындай мааалымат чындыкка дал келбей турганын жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эч бир тарап менен келишим түзүлгөн эмес. Буга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу менен… Кененирээк…

Италияда селден жабыркаган кыргызстандыктар жок

Италияда селден жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги аталган аймакта жашаган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болууда.   Эске салсак, кечээ Италиянын түндүк тарабындагы Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкындаган. Анын кесепети бир нече кишинин… Кененирээк…

Нью-Йорктогу аукциондо Библия 38 млн доллардан ашык баага сатылды

Миң жылдан ашкан Библия Нью-Йорктогу аукциондо 38 миллион доллардан ашык баага сатылды.   Байыркы томду мурдагы америкалык дипломат Альфред Мозес коммерциялык эмес уюмдун атынан сатып алды. Ал аны Еврей элинин музейине тартуулайт.

Айрым унаа ээлерине жеңилдиктерди берүү сунушталды

Парламентте айрым унааларга “жашыл номерлерди” киргизүү жана анын ээлерине жеңилдиктерди берүү сунушталууда.   Кеп электромобилдер, катализатору бар унаалар жана ОСАГО полиси жөнүндө болуп жатат.   Мындай транспорт каражаттарынын ээлери атайын шарттарды ала алышат. Алсак, төмөндөтүлгөн каттоо баасы, унаа салыгы, айыптар ж.б.   Демилгечилер бул жарандарды… Кененирээк…

Бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураларды колдонууга милдеттүү

Май айынан баштап бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураларды колдонууга милдеттүү. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, бул үчүн мекеменин маалымат системасына катталып, электрондук документтерди тариздөө зарыл.   Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд доллардан ашты

Ушул жылдын үч айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2 миллиард доллардан ашты. Мындай маалыматты “Акчабар” агенттиги өз материалында келтирет.   Маалым болгондой, сатуунун көлөмү боюнча Бишкек шаары 1 миллиард доллардан ашык соода кылган. Экинчи орунда Чүй облусу турат, анын соода жүгүртүүгө кошкон… Кененирээк…