Бишкекте 3 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө көмүрдүн ордуна компенсация алды

Бишкекте 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде 3 миң 297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4… Кененирээк…

Бишкекте жер мунапысы боюнча 6,5 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Бишкек шаарынын аймагындагы жерлерге мунапыс берүү боюнча түзүлгөн комиссияларга жарандардан 6 миң 514 арыз түшкөн. Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиялардын 56 отуруму өткөрүлүп, 10 миң 783 техникалык паспорт берилген.

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз каражат бөлөт

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз грант бөлөт.   Экономика министри Данияр Амангелдиев 24 агенттигине билдиргендей, кеп 42 миллион доллардын тегерегинде болуп жатат. Каражат өлкөлөр ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.   Бул кандай программалар болорун Министрлер кабинети аныктайт.

Унаалардын айнектерин караңгылаткандар лицензияны жаңыртышы керек

Унаа ээлери машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн лицензияны жаңыртышы керек. Ички иштер министрлиги эскерткендей, уруксат кагаздарын каттоо былтыр 1-июнда башталган. Лицензия бир жылга жарактуу.   Белгиленгендей, автоунаалардын алдыңкы терезесин уруксатсыз караңгылаткан жеке жактарга айып пул 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сомду түзөт.

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Сынакка дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин тизмесине кирген жогорку окуу жайына академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.   Документтерди онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Боом капчыгайында 2 автоматтык станция жана кошумча датчиктер орнотулууда

Боом капчыгайында 2 автоматтык станция жана кошумча датчиктер орнотулууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, атайын жабдуу аба-ырайына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө жана температура, нымдуулук, басым жана жаан-чачын сыяктуу көрсөткүчтөрдүн так маалыматын алууга мүмкүнчүлүк берет.   Бул өз кезегинде сел жүрүү коркунучун так божомолдоого шарт түзөт.

Битир-садагадан чогулган 2 миллион 800 миң сом муктаждарга таратылды

Битир-садагадан чогулган 2 миллион 800 миң сом муктаждарга таратылды. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1 миллион 150 миң сом ар кандай ооруга чалдыгып, операцияга муктаждарга берилсе, 940 миң сом жетим балдарга бөлүштүрүлдү.   Белгилеп кетсек, Орозо айында жалпысынан 54 миллион сомго битир… Кененирээк…

Кытайда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду

Кытайда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, үч тараптуу документке Кыргызстандын, Өзбекстандын транспорт министрлери жана Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү кол коюшту. Ведомстводон белгилешкендей, бул меморандум темир жолдун курулушун… Кененирээк…

Индияда ашыкча салмактуу полиция кызматкерлери иштен алынат

Индиянын Ассам штатында полиция кызматкерлерине ультиматум коюлду – алар бир нече айда арыктабаса, иштен айдалат. Бул убакытта ашыкча салмагынан арылууга жетишпей калгандар эртелеп пенсияга кетет.   Министрдин буйругу менен аймактын бардык полиция кызматкерлери дене масса индексинин  көрсөткүчүн тапшырууга милдеттендирилди.

Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү кулпунай фестивалы өтөт

Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү кулпунай фестивалы өтөт. Өлкөнүн жемиш өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдиришкендей, иш-чарага келгендер кулпунайдын түрлөрүн ооз тийип, түз өндүрүүчүлөр менен тааныша алат.   Фестиваль Раззаков көчөсүнүн Токтогул – Киев тилкесинде күндүзгү саат 3төн түнкү 10го чейин болот.