Ошто бир чакан ГЭС ишке киргизилип, экинчисине капсула салынды

Ошто бир чакан ГЭС ишке киргизилип, экинчисине капсула салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулушу аяктаган чакан ГЭС Ноокат районунда жайгашкан. Ал эми экинчи гидроэлектрстанция жеке ишкерлер тарабынан курулат.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталды

Бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, биринчи этап 20-21-майда, экинчиси 23-24-майда өтөт.   Ал эми өз учурунда сынакты жүйөлүү себептер менен тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн тестирлөөнүн соңку этабы 23-24-июнда жүргүзүлөт.