Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолуп жатат

Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолуп жатат.   Мэриянын маалыматына ылайык, иштер учурда анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Куруучулар асфальттын эски катмарын алып, соода күркөлөрүн түрттүрүштү.   Учурда жаңы асфальт төшөөгө даярдык иштери аткарылып жатат. Андан кийин бордюрлар орнотулат.

Францияда анча узак эмес ички аба каттамдар жокко чыгарылды

Францияда анча узак эмес ички аба каттамдар жокко чыгарылды. 2,5 саатта поезд менен жете турган жерлерге эми учак менен жетүү мүмкүн эмес. Бул айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган чара.   Анткени, самолеттор поездке салыштырмалуу жаратылышка көбүрөөк зыян алып келет. Жаңы эрежелер Париж менен Нант, Бордо… Кененирээк…

Кыргызстандын 3 университетинде медициналык факультет ачылат

Кыргызстандын 3 университетинде медициналык факультет ачылат.   Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, эми Нарын, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттери дагы медицина адистерин даярдайт.   2 айдын ичинде бардык даярдоо иштери аткарылып, окуу программасы түзүлүп, ар бир жогорку окуу жайга сентябрда… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жакынкы арада электр энергиясынын жаңыланган тарифтери менен квитанцияларды алышат

Кыргызстандыктар жакынкы арада электр энергиясынын жаңыланган тарифтери менен квитанцияларды алышат. Улуттук электр станциялар компаниясынан эскертишкендей, май айы үчүн дүмүрчөктөрдө 2 же 3 сан көрсөтүлөт.   Биринчиси — эски тарифтер күчүндө кезиндеги колдонулган электр энергиясынын көрсөткүчү. Экинчисинде 1-майдан кийинки киловатт-сааттар жазылган.   Үчүнчү сандар  700 киловатт-сааттык… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара аймагында дрон учурбоо макулдашылды

Бүгүн 24-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин коңшу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода менен жолугушуусу өттү. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. «Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты… Кененирээк…

Жеке круиз компаниясы саякаттоо мүмкүнчүлүгү менен вакансия сунуштайт

Жеке круиз компаниясы саякаттоо мүмкүнчүлүгү менен вакансия сунуштайт. Кызматкер компаниянын кемеси токтогон портторду кыдырып, жашыруун жана кызыктуу жерлерди изилдеши керек.   Чогулган маалымат саякаттоо картасын түзүүгө колдонулат. Ошондой эле вакансияга кабыл алынган адам экипаж мүчөлөрү менен байланышып турушу шарт.

Эртең өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат

Эртең өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерди балдарына машине бербөөгө чакырат.   Инспекторлор белгилешкендей, 25-майда бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда көп авария катталып келет. Буга айрым окуучулар мас абалында рулга отурганы себеп. Ведомство эскертет – мас абалында унаа башкаруу үчүн… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Ош шаарына 6 миллион доллар грант бөлүп берди

Дүйнөлүк банк Ош шаарына 6 миллион доллар грант бөлүп берди. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, кайтарымсыз негизде тапшырылган каражат 5 ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга багытталат.   Алар: Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө, Ибраимов атындагы драмтеатрды жана Сатылганов атындагы театрды калыбына келтирүү, Навои эс алуу багында… Кененирээк…

2021-жылдын апрелдеги кыргыз-тажик кагылышуусунда жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген 13 миллион сомдук кредит жоюлат

2021-жылдын апрелдеги кыргыз-тажик кагылышуусунда жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген 13 миллион сомдук кредит жоюлат. Тиешелүү мыйзам долбоор бүгүн парламентте кабыл алынды.   Маалыматка ылайык, тажик тараптын кол салуусунан зыян тарткан 75 ишкерге 0,1 пайыздык үстөк менен 200 миң сомдон насыя 3 жылдык мөөнөткө берилген. Жалпы суммасы… Кененирээк…

Президент Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, сапардын алкагында Жапаров 24-майда “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция”… Кененирээк…