УЕФА футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ырын тартуулады

УЕФА футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ырын тартуулады. “Файр” аталышындагы чыгарманын авторлору – италиялык трио “Медуза”, “Уан репаблик” америкалык тобу жана немис аткаруучусу Леони.   Күйөрмандар тректи артисттердин жандуу аткаруусунда турнирдин жабылыш аземинде уга алат. Эске салсак, Европа чемпионаты 14-июнда старт алып, 14-июлга чейин созулат.… Кененирээк…

“Алтын тамга” аттестациясы эртең өтөт

“Алтын тамга” аттестациясы эртең өтөт.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал тест түрүндө математика, Кыргызстан тарыхы, эне тил жана адабият, химия сабактары боюнча тапшырылат.   Белгилеп кетсек, “Алтын тамга” аттестациясын 11-классты артыкчылык менен аяктап жаткан окуучулар тапшырууга милдеттүү.

Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдууларын чыгарган завод курулат

Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдууларын чыгарган завод курулат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, курулуш иштери ушул жайда башталат.   Бул максатта түркиялык инвестор биринчи этапта 10 миллион доллар багыттайт. Курулуш иштери сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Заводдун алдына 10 гектар жер тилкеси бөлүнөт.

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу аяктап жатат.   Аларга биринчи жолу кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Кыргыз-өзбек чек арасында очогунда төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 12:44тө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Күлүк-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, президенттин жарлыгына ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.   Андан кийин кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.   Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен… Кененирээк…

Кыргызстанда 91 миң адам жумушсуз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин билдирди. Ал 13-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маалымдагандай, анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турат.   Комитет «Социалдык келишим» долбоорундагы жардам көрсөтүүнүн… Кененирээк…

Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.   Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек… Кененирээк…

Бир аптада 300дөн ашык адам мас абалында унаа айдаган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 6-майдан 12-майга чейин өлкө аймагында 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталганын кабарлады. Анын ичинен 319 адам мас абалында унаа айдаганы белгилүү болу. Тийиштүү документтери жок рулга отургандардын саны 313, ал эми автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандардын саны 74.  … Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде аттестаттар жана күбөлүктөр акысыз берилет

Кыргызстан мектептеринде аттестаттар жана күбөлүктөр акысыз берилет. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, мектеп жетекчилигинде бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок.   Эгер аттестатты жоготуп алса, артыкчылык аттестатынын көчүрмөсү 50 сомду, ал эми күбөлүктүн дубликаты 20 сомду түзөт. Быйыл 9-классты 128 миң окуучу, 11-классты 73… Кененирээк…