Бишкекте 16-майда бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Бишкекте 16-майда бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анда   4 миңден ашык вакансия сунушталат.   Иш-чара Жусуп Баласагы атындагы Кыргыз Улуттук унирвеситетинде өтөт. Жарманкеде 40тан ашык ири компания катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстанга Кытайдан 2 миң 690 электромобиль импорттолду

Жыл башынан бери Кыргызстанга Кытайдан 2 миң 690 электромобиль импорттолду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бажы башкармалыгынын статистикасында айтылат.   Көрсөткүч 2023-жылдын январь-март айларындагы импортко салыштырмалуу 1 миң 700 унаага көп. Өлкөгө ташылган машинелердин жалпы суммасы 113 миллион долларды түзөт.

Игорь Чудинов дирекциянын директору кызматынан алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 14-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын сөзүнө караганда, «президент Садыр Жапаров Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь… Кененирээк…

Бишкекте гүл отургузуу иштери уланууда

Бишкекте бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда гүлзарларга тагета, агератум, сальвия жана цинния сыяктуу гүлдөр отургузулууда. Быйыл клумбанын дизайны толугу менен жаңыланып, бир жылдык гүлдөрдүн 30дан ашык түрүн түзмөкчү.   Көп жылдык гүлдөрдөн айырмаланып, бир жылдык гүлдөр көпөлөктөрдү, аарыларды гүлзарга тартып,… Кененирээк…

Бишкектин четиндеги айрым аймактарга эки күн газ берилбейт

«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө кайра туташтыруу иштерине байланыштуу борбордун бир катар аймагында эки күн жаратылыш газы өчүрүлөрүн маалымдады.   15-майдан 17-майга Дача көч., Керченский, Кайынды, Элебесов, Чоң Чүй каналы, Кара-Жыгач багы, Фирсов, Фере, Арал көчөлөрү чектешкен аймактарда газ өчөт. Ишкана… Кененирээк…

Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады

Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Соңку мөөнөт 9-июнга чейин белгиленген. Ведомстводон эске салышкандай, өнөктүк инвестицияларды көбөйтүүгө, көмүскөдөгү тармакты кыскартууга, активдерди сактоо кепилдигин камсыздоого жана мыйзам бузуулар учурунда мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталат.

Кыргызстандык спортчулар жайкы олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар жайкы олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 10 жолдомо күрөш боюнча, бири сууда сүзүү дисциплинасында, эки жолдомо жеңил атлетика боюнча. Эске салсак, оюндар Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда заманбап медициналык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда заманбап медициналык борбор ачылды. Ал алдыңкы диагностикалык жабдуу менен жана компьютердик томография менен камсыздалган.   Клиника 70 орунга эсептелип, анда  хирургиялык, терапевттик, гинекологиялык бөлүмдөр бар. Медициналык борбор Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун тейлейт.

Кыргызстанда 73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды

Кыргызстанда 73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды.   Алардын ар биринин мүлкү 100 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Ал эске салгандай, 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, эч нерсе төлөнбөйт. Ал эми бул чектен… Кененирээк…

Кыргызстанга 26 млн сомдук товар бажы алымысыз кирген

  Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөдө ЕАЭБ жана бажы мыйзамдарын бузуулар аныкталды.   Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдан азыркыга чейин «Л.» аталышындагы компания тарабынан Кыргызстандын аймагына SB-303, SB-306, SB-316 үлгүсүндөгү Android TV BOX товарлары бажы алымы жок ташылган.   Интернеттеги ачык булактарда жогоруда… Кененирээк…