Италияда велосипед менен жүргөндөргө акча төлөнө баштады

Италиянын Флоренция шаарында велосипед менен жүргөндөргө акча төлөнө баштады. Алар жарандарды экологиялык таза транспортту колдонууга ушинтип үндөгүсү келет.   Ал үчүн сапарларды жаздыра турган атайын тиркемени жүктөп алуу керек. Бир километр жол жүргөнү үчүн велосипедчи 20 цент алат. Кадимки каттамдан ашкан ар бир километр үчүн… Кененирээк…

Талас облусунда бир катар стратегиялык жана ири объектилер ачылды

Бүгүн Талас облусунда бир катар стратегиялык жана ири объектилер ачылды.   Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, шаарда жаңыланган аэропорттун ачылышы болду, ошондой эле Киров суу сактагычындагы “Бала-Саруу” чакан ГЭСи ишке кирди. Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди.   Иш-чараларга президент Садыр Жапаров… Кененирээк…

Кыргызстан насыя боюнча рейтингин жакшыртты

2024-жылга карата Кыргызстан насыя боюнча рейтингин жакшыртты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Эл аралык Moody’s насыя агенттиги жарыялаган отчетко ылайык, өлкө терс көрсөткүчтөн туруктулукка көтөрүлгөн. Ошондой эле эмитенттин жергиликтүү жана чет элдик валютадагы узак мөөнөттүү рейтинги В3 деңгээлинде. Болжолдоонун өзгөрүшү тобокелдик балансынын туруктуу деңгээлге… Кененирээк…

Жөө күлүк Тяпкиндин Париж олимпиадасына жолдомосу жокко чыкты

Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды.   Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму анын аты-жөнү жеңүүчүлөрдүн катарына жаңылыш жазылганын, мындан улам тизмеден өчүрүлгөнү маалымдады. Муну «Азаттыкка» Жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов тастыктап, Тяпкиндин рейтингдик көрсөткүчтөрү дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын… Кененирээк…

Кыргызстанда 980дей адвокаттын лицензиясы токтотулат

Кыргызстанда 980дей адвокаттын лицензиясы токтотулат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мунун ичине колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет.   Белгиленгендей, ведомство адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 4 миң 700 адвокат каттоодон… Кененирээк…

Бишкектин четинде 100 орундуу оорукана курулат

Бишкектин четинде 100 орундуу оорукана курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 конушунда салына турган медициналык жайга дээрлик 225 млн сом жумшалат.

Бишкектеги Көлмө конушунда китепкананын курулушу уланууда

Бишкектеги Көлмө конушунда китепкананын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, үч кабаттуу китепкананын окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга чакталган окуу залдары болот.   Учурда китепкананын 1-кабатына кыш кыноо, ал эми 3-кабаттын полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.

“Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарына ГЭС курулат

“Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында ГЭСтер курулат. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул тууралуу Садыр Жапаров Таластагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.   Белгиленгендей, тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан кийин, жакын арада аталган объектилерде жаңы гидроэлектрстанциялардын курулушу башталат.

Баткен облусунда бир катар социалдык долбоорлор ишке ашат

Баткен облусунда бир катар социалдык долбоорлор ишке ашат.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, планга ылайык 2025-жылга чейин кызамыктын алдын алууга көңүл бурулуп, эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдештирилет. Ошондой эле 200гө жакын саламаттыкты сактоо кызматкерлери окутуудан өтүп, 5 мобилдик топ түзүлөт. Ал эми… Кененирээк…

Таластагы Киров суу сактагычына курулган «Бала-Саруу» ГЭСи ишке кирди

Таластагы Киров суу сактагычына курулган «Бала-Саруу» ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон чакан ГЭС үч генераторлуу, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул Талас облусундагы 19 миң абоненттин электр энергияны керектөөсүн камсыз кылууга… Кененирээк…