2-июнда балдарды биринчи класска электрондук каттоонун биринчи этабы жыйынтыкталат

2-июнда балдарды биринчи класска электрондук каттоонун биринчи этабы жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Бүгүнкү күнгө карата 69 миң 900дөн ашык бала кабыл алынды.   Эң көбү Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында, эң аз Талас менен Нарын облустарында. Бишкектин №26, 70, 29, 20, 13, 17-мектеп-гимназияларында… Кененирээк…

Свердлов райондук милициясына Уланбек Аалиев жетекчи болду

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Уланбек Аалиев жетекчи болуп дайындалды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалыматты «Азаттыкка» ырастап, Улан Аалиев Жогорку Сот тарабынан акталганын, анын негизинде РИИБге жетекчи болуп дайындалганын билдирди. «Дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мектептерде сабакты 8:00дөн эрте баштоону сунуштоодо

Бишкек шаардык мэриясы мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоону сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документте ошондой эле училищелерде жана университеттерде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керек деген пункт камтылган. Жүз миңдеген бишкектиктерге таасир эте турган радикалдуу чаралар жол тыгындары менен күрөшүү максатында жасалат. Буга… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдары аталды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча биринчи орунда азыркы Чемпиондор лигасынын финалчысы – мадриддик “Реал” жайгашат.   Клубдун жалпы наркы 6 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Экинчи позицияда “Манчестер Юнайдет” турса, үчилтикти каталондук “Барселона” бекитет. Эң кымбат клубдар тизмесине ошондой эле… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 30-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуп, каналдарды жана арыктарды таштандыдан тазалоо сунушталат.

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында скважиналарды бургулоо иштери уланууда

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында скважиналарды бургулоо иштери уланууда. “Бишкек суу каналы” ишканасынан билдиришкендей, жалпысынан 5 түйүн пайда болот.   Андан тышкары, суу түтүктөрүн өткөрүү жумуштары аткарылып жатат. Ишканадан такташкандай, бул иштер ордо калаанын түштүк-батыш тарабын үзгүлтүксүз суу менен камсыздайт.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин жаңылоого  13,6 миллион доллар берет

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин жаңылоого  13,6 миллион доллар берет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, сумманын 11 милиону 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз берилчү насыя жана 2,6 миллион доллары грант.   Каражат Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун даярдоо долбооруна жумшалмакчы. Анын ичинде акча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо, экологиялык жана социалдык… Кененирээк…

1-июндан тарта «Учкунда» басылган паспорттор бериле баштайт

1-июндан тарта Кыргызстандын жарандарына «Учкун» мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу 28-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди. Анын сөзүнө караганда, «Учкунда» басылган паспорттордун алгачкы партиясы алынды. «1-июндан тартып бул паспортторду жарандарга… Кененирээк…

Депозитке акча салган кыргызстандыктар арбыды

Кыргызстандыктар өз каражатын депозитке көбүрөк сактай баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирд и. Анын айтымында, өткөн жылдын аягында банк системеларында депозиттик (аманат) базанын жалпы көлөмү 431 млрд сомду түзүгөн, анын ичинен 234 миллиарды улуттук… Кененирээк…

Сыраны көп ичүү эркекти аялга, аялды эркекке айлантат

Сыраны көп ичүү эркекти аялга, аялды эркекке айлантат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, пивону бат-баттан ичкен эркектерде тестостерон кескин төмөндөйт жана аялдардын гормону — эстроген активдеше баштайт, ошондуктан курсак жана көкүрөк чоңоё берет.   Аялдарда бул көрүнүш тескерисинче — пиво көп колдонулганда, эркек гормону тестостерондун өндүрүшүнө өбөлгө түзөт.… Кененирээк…